Sign In
ЕАЭБ жана Куба кызматташтыкты бардык форматтарда тереңдетүүнү алдыга коюшууда

ЕАЭБ жана Куба кызматташтыкты бардык форматтарда тереңдетүүнү алдыга коюшууда

12.11.19
Үзүрлүү кызматташтыкты өз ара алдыга койгондук жана аны көп тараптуу өнүктүрүү боюнча ишмердик кадамдарды жасоого даярдык Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиянын макроэкономика жана интеграция боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев башында турган делегациясынын эл аралык Гавана көргөзмөсүнө (FIHAV-2019) катышуучу үчүн 6-8-ноябрдагы Гаванага сапарынын алкагында Куба Республикасынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушууларынын жүрүшүндөгү негизги тема болду.

Көргөзмөнүн алкагында ЕЭК министри Сергей Глазьевдин Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель менен жумушчусу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кубанын жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) соода-экономикалык кызматташтыгынын перспективаларын талкуулашты. 

Мигель Диас-Канель, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, энергетика, транспорт, агроөнөр жай комплекси сыяктуу багыттарды өзгөчө бөлүп көрсөтүү менен, бул кызматташтыктын Кубанын өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал 2018-жылдын 31-майындагы Евразия экономикалык комиссиясынын жана Куба Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде Кубанын өкмөтүнүн ЕЭК менен өз ара аракеттенүүгө кызыгуусун белгилеп өттү.

ЕЭК делегациясы сапарынын жүрүшүндө Кубанын министрликтеринде жана ведомстволорунда аталган өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү, ошондой ишкердик коомдоштуктардын ассоциацияларынын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. 

"Куба – ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү үчүн жакшы дос, бизди көп жылдык кызматташтык байланыштырып турат, жана бүгүнкү башкы милдет – диалогдун субстантивин кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ойлонуп көрүү. Бул сооданын жана инвестициялардын көлөмдөрүн, аларды ишке ашырууда Бирликтин ар кайсы өлкөлөрүнүн компаниялары катышкан, биргелешкен долбоорлордун санын көбөйтүүнүн аркасында мүмкүн болмокчу", – деп Сергей Глазьев Куба Республикасынын тышкы соода жана чет өлкөлүк инвестициялар министри Родриго Мальмьерка Диас менен жолугушууда билдирди. 

Кубанын министри ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ал, бул өлкөнүн жаңы экономикалык саясатынын жана тышкы экономикалык ишмердиктин географиясын кеңейтүүгө карата багытынын приоритеттеринин бири деп белгиледи. 

Сергей Глазьев жана Родриго Мальмьерка Диас ЕЭКтин жана Куба Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен комиссиянын теңтөрагалары катары бул форматтагы иштин 2020-жылга карата алгоритмин макулдашышты. Атап айтканда, алар кийинки жылдын июнь айында Москвада комиссиянын 2-отурумун жана анын бизнес бөлүгүн Санкт-Петербургда ПЭЭФ-2020 алкагында өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. 

"Москвада өткөрүлүүчү отурум ЕАЭБдин бизнесин Кубага инвестициялоонун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоо, ошондой эле инвестициялардын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кубанын экономикасына агымдарын демилгелөөгө багытталган негизги механизмдерди түшүндүрүү үчүн мыкты аянтча болуп калууга тийиш", – деди Куба Республикасынын тышкы соода жана чет өлкөлүк инвестициялар министри.

Куба Республикасынын өнөр жай министринин орун басары Хосе Гаспар Альварес Сандоваль менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЕАЭБ регионунан инвестицияларды тартуу үчүн экономиканын приоритеттүү тармактарынын жана өнөр жай тармагындагы конкреттүү долбоорлордун презентациясы орун алды. Кубалык тарап өлкөнүн аймагындагы өнөр жай өндүрүштөрүн модернизациялоонун актуалдуулугуна басым жасады жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн иштеп чыгууларын жана технологияларын колдонууга кызыкчылыгын билдирди. "Биз Кубада өнөр жайды жана инфраструктура объектилерин модернизациялоо боюнча долбоорлорго Беларусь жана Россиядан сырткары, тийиштүү адистештирүүнү эске алуу менен, Армениянын, Казакстандын жана Кыргызстандын компаниялары да кошулушат деген ишеничтебиз", – деп Кубанын Өнөр жай министрлигинин өкүлү жыйынтыктады. 

Сергей Глазьевдин Кубанын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Орландо Гиленменен жолугушуусунун жүрүшүндө ЕАЭБдин жана Кубанын диалогунун бизнес-компонентин өнүктүрүү көңүл борборунда болду.

Кубанын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси өлкөнүн ишкердик коомдоштуктарынын делегациясынын ЕАЭБдин аймагындагы негизги конгресстик иш-чараларга катышуусуна кызыгуусун баса белгиледи. Ал 2020-жылда Минскте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумдарынын бирине байланыштуу өткөрүлүүчү биринчи Эл аралык Евразия экономикалык форумуна катышууга чакыруу алды. 

Ошондой эле, Орландо Гилен ЕАЭБдин Ишкердик кеңеши менен тике байланыштарды түзүү демилгесин билдирди жана жакынкы келечекте кызматташтык жөнүндө тийиштүү меморандумга кол коюлушун колдоорун айтты. 

"ЕАЭБдин Ишкердик кеңеши менен өз ара аракеттенүү ЕАЭБдин жана Кубанын бизнесинин өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогду жаңы деңгээлге чыгарууга, ошондой эле Бирликтин мүчө мамлекеттеринин негизги бизнес-ассоциациялары менен байланыш каналдарын бекемдөөгө мүмкүндүк берет", – деп Кубанын Соода-өнөр жай палатасынын президенти өз ишеничин билдирди.

Кубанын каржы министри Мерси Баланьос Буэй жана Кубанын экономикалык пландоо министри Алехандро Хиль Фернандес, ошондой эле өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Салюд Марсия Кобас Руис менен жолугушуулардын жүрүшүндө биргелешкен жумушчу топтун алкагында тармактык диалогдорду активдештирүү маселелери талкууланды.

Атап айтканда, тараптар өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө, ошондой эле ЕЭКтин жана Кубанын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен комиссиянын алкагында профилдик топчолорду түзүү аркылуу техникалык жөнгө салуу, фармацевтика, өнөр жай жана айыл чарба тармактарында тармактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жөнүндө келишишти.

Сергей Глазьевдин Куба Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасынын орун басары Рикардо Кабрисос Руис менен жолугушуусунун жүрүшүндө Кубанын министрликтеринде жана ведомстволорунда өткөрүлгөн жумушчу жолугушуулардын натыйжалары талкууланды. Тараптар ар түрдүү деңгээлдердеги байланыштардын жогорку деңгээлин белгилешти жана, кызматташтыктын конкреттүү багыттары үчүн жооптуу координаторлорду аныктоо менен, ЕЭКтин жана Кубанын ортосундагы дилог үчүн түзүлгөн инфраструктураны мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууну колдошту.

Сергей Глазьев сапарынын жүрүшүндө Гавана университетинде дүйнөлүк экономикалык архитектуранын трансформациясы контекстинде ЕАЭБдин жана Кубанын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективалары тууралуу лекциясы менен чыгып сүйлөдү. ЕЭК министри ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкердик коомдоштуктарынын жана институттарынын Куба Республикасына инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүнө арналган семинарды ачты. Ага башкалар менен катар Евразия экономикалык бирлигинин эксперттик жана бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү катышышты. 

ЕЭК делегациясынын сапарынын программасынын бардык иш-чараларында Бирликтин мүчө мамлекеттеринин Куба Республикасындагы дипломатиялык миссияларынын жетекчилери катышышты.