Sign In
Тигран Саркисян: «Спорттогу интеграция Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет»

Тигран Саркисян: «Спорттогу интеграция Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет»

12.08.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Баскетбол боюнча Евразия лигасынын президенти Карен Гилоян баш болгон Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) төрт өлкөсүнүн баскетбол клубдарынын жетекчилеринин делегациясын кабыл алды. Жолугушууда «Арагац» БК президенти Дэвид Джонтоян (Армения), Беларустун Могилев областынын Баскетбол федерациясынын вице-президенти Виталий Игнатович (Беларусь), «Атырау» БК президенти Булат Мухамбеткаллиев (Казакстан), «Арсенал» БК президенти (Тула) Виктор Усков (Россия), Москва шаарынын Баскетбол федерациясынын вице-президенти Ваграм Вардумян (Россия) катышышты.

Жолугушууну ачып жатып, Тигран Саркисян мындай деди:
«Биз – экономикалык уюмбуз. Спорт маселелери ЕЭКтин компетенциясына кирбейт. Бирок спорттогу интеграция Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан, биз Баскетбол боюнча Евразия лигасынын түзүлүшүн колдойбуз». Тигран Саркисян лиганын уюштуруучуларына ийгилик жана алардын демилгесинин гүлдөшүн каалап өттү.

Баскетбол боюнча Евразия лигасынын президенти Карен Гилоян өз кезегинде ЕЭК Коллегиясынын Төрагасына анын көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Лига өзүнүн биринчи сезонуна кадам алып жатат, бирок биз азыр эле катышуучулардын саны боюнча да, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн чыккан командалардын, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн клубдарынын көбөйүшүнүн аркасында спорттук-маркетингдик бөлүгү боюнча да алда канча келечектүү пландар жөнүндө айта алабыз, – деп уюмдун башчысы баса белгиледи. – Лига Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүлөрдү жолго салуунун дагы бир аспабы болуп калмакчы».

Карен Гилоян уюмдун чоң келечегине үмүттөнгөндүгүн билдирди:
«Лигага мүчө мамлекеттердин гана эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн да командалар кирет деп ишенебиз».

Лиганын президенти үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Ереванда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алдында лиганын алгачкы матчын өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын билдирди, матчка ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин лидерлери чакырылмакчы. Ал эми Баскетбол боюнча Евразия лигасынын Эл аралык баскетбол федерациясы (ФИБА) тарабынан расмий түрдө бекитилиши ушул жылдын 28-августуна белгиленген.

Маалымат

Баскетбол боюнча Евразия лигасы – ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн командаларынын ортосунда өткөрүлүүчү алгачкы расмий мелдеш. Евразия лигасы мүчө мамлекеттердин ортосунда спорт тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн түзүлгөн. Лиганын өзгөчөлүгү болуп оюнчулардын Бирликтин өлкөлөрүнөн болушу – лиганын командаларында легионер болуп саналбашы эсептелет. Бул ЕАЭБ жөнүндө келишимдин эмгек миграциясы жаатындагы жоболоруна шайкеш келет. Турнирдин максаты – катышуучу өлкөлөрдө баскетболду өнүктүрүү үчүн аянтчаны түзүү. Ал ЕАЭБдин алкагындагы спорт миграциясына өбөлгө түзөт.

Баскетбол боюнча Евразия лигасын түзүү идеясы 2018-жылдын 23–26-февралында Ереванда болуп өткөн «ЕАЭБ кубогу» баскетболдук турнирин өткөрүүдөн кийин пайда болгон. Анда турнирде
Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын командалары катышкан. «ЕАЭБ кубогун» Евразия лигасына кайра түзүү жөнүндө келишкендик түзүлгөн. Аталган идея клубдардын жана Эл аралык баскетбол федерациясынын колдоосуна ээ болду.

Учурда Баскетбол боюнча Евразия лигасына алты команда кирет:

«Урарту» (Ереван ш., Армения),

«Арагац» (Ереван ш., Армения),
«Борисфен» (Могилев ш., Беларусь),
«Барсы» (Атырау ш., Казакстан),
«Арсенал» (Тула ш., Россия),

«МБА» (Москва ш., Россия).

Жаңы турнир тегеренме тутум боюнча өткөрүлүүчү чемпионат болуп саналат, анын Төрттүк финалы 2020-жылдын март айында өткөрүлмөкчү.

Лига тууралуу толугураак маалымат:
https://eal-basket.com/