Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Евразия экономикалык бирлигинин беш жылдыгына арналган маркаларды жүгүртүүгө чыгарды

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Евразия экономикалык бирлигинин беш жылдыгына арналган маркаларды жүгүртүүгө чыгарды

12.08.19

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 9-августта Чолпон-Атада болуп өткөн отурумунун аягында мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Бирликтин беш жылдыгынын урматына Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) почта кызматтары тарабынан чыгарылган эстелик маркаларды өчүрүштү.

Аталган аземде Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев катышышты.

Марка миниатюраларынын прототиби катары алынган көркөм образдын негизинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында биздин мамлекеттерибиздин өз ара жакындоосунун өзгөчө маанилүүлүгүнүн жана анын экономиканын өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн интеграциялык потенциалын өнүктүрүү идеясы, ошондой эле Евразия элдеринин тарыхый жалпылыгынын жана кылымдарды карыткан достук жана коңшулаштык салттарынын идеясы жатат. Миниатюралардын дизайнында бул Евразия экономикалык бирлигинин улуттук жана интеграциялык сегменттерин образдуу түрдө чагылдырган көркөм элементтердин тыгыз өз ара аракеттенүүсү катары көрсөтүлөт.

Белорус, казак, кыргыз жана орус маркаларынын негизине жаткан Евразия почта миниатюрасынын прототиби Беларустун, Кыргызстандын жана Россиянын дизайнерлери тарабынан биргеликте иштелип чыккан; армян маркасы улуттук дизайнерлер тарабынан жекече иштелип чыккан.

Өчүрүү үчүн алдын ала даярдалган маркалары менен конверттер, ошондой эле марка барактары атайын аз тираж менен чыгарылган сувенирдик филателисттик альбомдордо жайгаштырылды, алардын бетинде бул биргелешкен марка чыгарууда жана өчүрүүдө катышкан беш мүчө мамлекеттин биринчи күнүнүн маркалары жана конверттери көрсөтүлгөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн марка чыгарган кызматтары биринчи күнү өчүрүлгөн маркасы менен биринчи күндүн кичине марка баракчалары жана конверттери менен сувенирдик филателисттик буклеттерди да даярдашкан.

Евразия маркаларынын азыркы биргелешкен чыгарылышы экинчи ирет орун алууда. Алгачкы мындай маркалардын чыгарылышы 2015-жылы орун алган жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгына жана ЕАЭБдин 2015-жылдын 1-январынан тарта иштеп башташына арналган. Аталган маркаларды өчүрүү аземи да ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жогорку деңгээлинде өткөрүлгөн. Өлкөлөрдү бириктирүүчү жаңы жакшы салт калыптанууда.

ЕАЭБдин беш жылдыгына арналган эстелик почта маркаларын биргелешип чыгаруу боюнча долбоорду Евразия экономикалык комиссиясы жактан Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жетектеди, ал эми жумушчу топту Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Гоар Барсегян жетектеди. Өчүрүү үчүн альбомдун көркөм концепциясын жана дизайнын китеп сүрөтчүсү Сергей Астафуров иштеп чыкты.