Sign In
Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кошулду

Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кошулду

12.08.15

12-августта Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирди. Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия менен катар Кыргызстан Бирликтин толук укуктуу мүчөсү болуп калды.

ЕАЭБга Кыргызстандын кошулуусу интеграциялык жакындашуу боюнча биргелешкен чоң иштин жыйынтыгы болду. 2014-жылы евразиялык интеграциялык долбоорго Кыргызстандын кошулуусу боюнча "жол карталары" ишке ашырылып, алар өлкөнүн экономикасы ЕАЭБнын мыйзамдарына жана тажрыйбаларына адаптацияланышына өбөлгө түзгөн.

Атап айтканда, бажы инфраструктурасынын объектилерин модернизациялоо боюнча бир катар маселелер чечилген.

2014-жылдын 23-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин  (ЖЕЭК) отурумунда ЕАЭБга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишимге кол коюлуп, 2015-жылдын 8-майында ЖЕЭК отурумунда ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчылары ЕАЭБга Кыргызстандын киришинин өзгөчөлүктөрүн аныктаган эки протоколго коюшкан.

Бирликтин мүчө мамлекеттери Келишим күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык мамлекет ичиндеги процедураларды аткарышты.

ЕАЭБга кошулуу Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Товарлардын, тейлөөлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн кыймылынын жолунда кедергилер алынат. Баарыдан мурда, энергетика, транспорт жана айыл чарба чөйрөлөрүндө ири инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары ачылат. Кыргызстандын жарандары Бирликтин каалаган мамлекетинде, аларга иш орундарын берген мамлекеттин жарандары менен бирдей шартта иштөөгө укук алышат.

Кыргызстандын кошулуусу Бирликтин дараметин өнүктүрүүгө жаңы импульс берет. Интеграциялык бирикме глобалдык экономикалык архитектурада өзүнүн позициясын бекемдөөдө.