Sign In
ЕЭК министри Серик Жумангарин ЕАЭБдин атаандаштык укугуна эксперттик сереп жүргүзүүнүн алкагындагы биргелешкен иштин жыйынтыктарын чыгарды

ЕЭК министри Серик Жумангарин ЕАЭБдин атаандаштык укугуна эксперттик сереп жүргүзүүнүн алкагындагы биргелешкен иштин жыйынтыктарын чыгарды

12.07.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) улуттук монополияга каршы ведомстволор менен кызматташтыгын күчөтүү жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек ара аралык рынокторундагы атаандаштыкты бузуучулар үчүн жазаны жумшартуу программасын иштеп чыгуу – ушул жана башка сунуштамалар БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмчөсү тарабынан көрсөтүлгөн, ЕАЭБдин атаандаштык укугуна эксперттик серепте камтылган. Серептин презентациясы ЮНКТАДдын Атаандаштык тармагындагы мыйзам чыгаруу жана саясат боюнча эксперттердин өкмөттөр аралык тобунун Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлгөн 18-сессиясынын негизги окуясы болду.
ЕЭК Коллегиянын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Серик Жумангариндин пикири боюнча, сереп ЕАЭБдин профилдик ченемдик-укуктук базасына өзгөртүүлөрдү даярдоодо өзгөчө актуалдуулукка ээ болот.
«Кызматташтыктын мындай форматы натыйжалуу жана пайдалуу болуп саналат. Комиссия айрым маселелерди башка көз караш менен карап чыкты, ал эми ЮНКТАД эксперттик серепти түзүүдө уникалдуу тажрыйба алды», – деди министр.
Презентациянын аягында ТАРдын Атаандаштык боюнча комиссиясынын комиссарынын орун басары Муало Хардин Ратшисусу мындай серептерди жүргүзүү иш-тажрыйбасы маанилүү экендигин белгилеп өттү, анткени «биз ЕАЭБ – БРИКС линиясы боюнча тыгыз кызматташабыз жана алынган маалыматтар биздин биргелешкен ишти байытат».
Россиянын ФМКнын жетекчисинин орун басары Андрей Цыганов, Комиссия жана ЕБ мамлекеттери үчүн купуялуу маалыматты аныктоого бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу жөнүндө, серепте айтылган идеяны колдоду.
Ошондой эле, россиялык жөнгө салуучунун өкүлү баса белгилегендей, «Бирлик жөнүндө келишимге кайсы болбосун өзгөртүүлөр мүчө мамлекеттердин конкреттүү атаандаштык мыйзамына өзгөртүүлөрдүн киргизилишине алып келет».
БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын катчылыгы ЮНКТАДдын Эл аралык кызматташтык боюнча талкуулоо тобунун Атаандаштык ведомстволорунун улуттар аралык корпорациялардын чектөөчү ишкердик иш-тажрыйбаларына жана чек ара аралык мүнөздөгү атаандаштык эрежелерин бузууларга каршы аракет жасоо боюнча эл аралык кызматташтыгынын жетектөөчү принциптерин жана жол-жоболорун даярдоо боюнча иши тууралуу докладды көрсөттү. Серик Жумангарин, аталган иштелип чыккан документ атаандаштык ведомстволорунун улуттук рыноктордо да, чек ара аралык мүнөздөгү рыноктордо да атаандаштыкты бузуулардын алдын алуу жана аларды жоюу боюнча натыйжалуу ишине өбөлгө түзөт деп белгиледи.
Сессиянын алкагында ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү ЮНКТАДдын генералдык катчысы Мукиса Китуйи менен жолугушту, анда катышуучулар өз ара аракеттенүү векторлорун, анын ичинде ЮНКТАДдын серебинде көрсөтүлгөн сунуштамаларын ишке ашыруунун алкагында эксперттердин өз ара аракеттенүү векторлорун аныкташты.
Мындан сырткары, Серик Жумангарин Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча уюм менен кызматташуунун айрым багыттарын өнүктүрүү боюнча келишкендиктер түзүлдү.