Sign In
Михаил Мясникович Владимир Путинди Россия Күнү менен куттуктады

Михаил Мясникович Владимир Путинди Россия Күнү менен куттуктады

12.06.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Россия Күнү менен куттуктады. 

"Бул Россиянын бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон жетишкендиктери, континенттеги интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү боюнча негизги чечимдерди кабыл алуудагы анын маанилүү ролу жөнүндө айтуу үчүн гана эмес, учурдан пайдаланып, Сизге Евразия экономикалык бирлигинин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон жеке салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирип кетүү үчүн да мыкты себеп, – деп айтылат куттуктоо катында".

Михаил Мясникович Владимир Путинге чың ден соолук, бакубатчылык жана анын мамлекеттик жана эл аралык ишмердигинде андан аркы ийгиликтерди, Россия Федерациясына тынчтык жана өнүгүп-өркүндөө каалады.​