Sign In
Россия ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн программалык камсыздоону мамлекеттик сатып алуулар рыногун ачат

Россия ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн программалык камсыздоону мамлекеттик сатып алуулар рыногун ачат

12.04.19
Россия Федерациясынын Санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги Электрондук эсептөө машиналары үчүн бирдиктүү реестрдин жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин маалымат базаларынын эксплуатацияга киргизилиши жөнүндө маалымдады. Программалык өнүмдөрдүн реестрге киргизилиши алардын ЕАЭБдеги укук ээлерине Россиядагы мамлекеттик сатып алууларда россиялык компаниялар менен бирдей катышууга мүмкүндүк берет.

Бирликтин өлкөлөрүнөн чыккан программалык камсыздоонун мамлекеттик жана муниципалдык сатып алууларга жетүүсүнө Россия Федерациясы тарабынан тыюу салынышына байланыштуу келип чыккан тоскоолдук ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктардын макулдашылган тизмегине киргизилген (2017-жылдын 3-мартында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан жактырылган «Евразия экономикалык бирлигинин тоскоолдуктары, алып коюулары жана чектөөлөрү» докладына тиркеме). Россиянын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январындагы токтому менен Бирликтин өлкөлөрүнөн чыккан программалык камсыздоону сатып алууларга тыюу салуу жокко чыгарылган жана ЕАЭБ мамлекеттеринен электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын жана маалымат базаларынын бирдиктүү реестрин түзүү жана алып баруу эрежелери бекитилген. Ошол эле убакта аталган реестрдин жакынкы мезгилге чейин иш жүзүндө жок болушу Бирликтин өлкөрүнөн чыккан программалык камсыздоонун иштеп чыгуучуларына Россиядагы программалык камсыздоону мамлекеттик сатып алууларда катышууга мүмкүндүк бербей келген.