Sign In
ЕАЭБде жаныбарлардан алынган продукцияны "фермадан дүкөн текчесине чейин" байкоо жүргүзүү тутуму түзүлмөкчү

ЕАЭБде жаныбарлардан алынган продукцияны "фермадан дүкөн текчесине чейин" байкоо жүргүзүү тутуму түзүлмөкчү

IMG_8560.JPG
12.03.21

Евразия экономикалык бирлигинде жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында өткөн семинарда талкууланды.

Иш-чара ЕЭК менен Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (ЭЭБ) ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча пилоттук программанын алкагында өткөрүлдү. Талкууга ЕАЭБ мамлекеттеринин ветеринардык кызматтарынын өкүлдөрү, ЭЭБдин Москва, Нур-Султан жана Брюсселдеги аймактык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, Европа Комиссиясынын саламаттык жана тамак-аш коопсуздугу боюнча Башкы директоратынын (DG SANTE) кызматкерлери катышышты.

ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко өз сөзүндө адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо үчүн жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Өлкөдө идентификациялоонун жана "фермадан дүкөндүн текчесине чейин" байкоо жүргүзүү тутумунун болушу ветеринардык-санитардык жактан кооптуу болгон жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияны жүгүртүүдөн тез арада алууга мүмкүнчүлүк берет, — деп баса белгиледи Виктор Назаренко. — Идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү тутуму ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча аныкталган карама-каршылыктардын себептерин аныктоого, жаныбарлардын, анын ичинде адамдарга жана жаныбарларга жалпы мүнөздүү болгон оорулардын алдын алуунун жана аларга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет".

Семинардын катышуучулары ЭЭБ стандарттары жана Европа бирлигинин жана Евразия экономикалык бирлигинин жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү жаатындагы ченемдик укуктук актылары, ЭЭБ стандарттарын жүзөгө ашыруу тажрыйбасы, ошондой эле Европанын TRACES байкоо жүргүзүү тутумунун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

ЭЭБдин Москвадагы аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Будимир Плавшич Бирликтин ветеринария чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жаатында ЭЭБ менен ЕЭКтин мындан аркы жемиштүү кызматташуусуна ишеним билдирди.

Маалымат

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму (ЭЭБ) бүткүл дүйнөдөгү жаныбарлардын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликтүү болгон, өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. ЭЭБ Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) тарабынан жаныбарлардын саламаттыгынын эл аралык стандарттары боюнча референттик уюм катары таанылат.

ЭЭБдин негизги милдети – жаныбарлардын саламаттыгын жана бакубатчылыгын, ветеринардык саламаттыкты сактоону жакшыртуу. ЭЭБдин мүчөлүгүнө 182 мамлекет, анын ичинде ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрү кирет.​