Sign In
ЕЭК жана Эфиопия биргелешкен иштин пландарын талкуулашты

ЕЭК жана Эфиопия биргелешкен иштин пландарын талкуулашты

IMG_3598.jpg
12.02.20

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Эфиопиянын өз ара аракеттенүүсүнүн перспективалары ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьевдин Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алемайеху Тегену Аргау менен жумушчу жолугушуусунун жүрүшүндөгү талкуунун негизги предмети болду.

Башкалар менен катар ЕЭК министри жана Эфиопиянын дипломатиялык миссиясынын башчысы меморандум форматындагы диалогго ишкердик коомдоштуктардын кошулуу маселесин, ошондой эле ЕАЭБдеги бажылык жөнгө салуунун айрым аспектилерин карап өтүштү.

"Евразия экономикалык комиссиясынын жана Африка Бирлигинин Комиссиясынын (АБК) ортосунда 2019-жылдын 24-октябрында түзүлгөн, экономикалык кызматташтык жаатындагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум эки региондун соода жана экономикалык мамилелеринин өнүгүшүнө жаңы импульс берди, – деди Сергей Глазьев. – Жана биз Африка континентинин бир катар субрегионалдык бирикмелери жана айрым өлкөлөрү тарабынан ЕАЭБ менен өз ара аракеттенүүгө кызыгууну байкоодобуз. Африканын негизги өлкөлөрүнүн бири катары, Африка Бирлигинин штаб-квартирасы анын борбор шаарында жайгашкан Эфиопия бул процесстерге көмөк көрсөтүшүнө ишенебиз".

Алемайеху Тегену Аргау өз кезегинде келечекте ЕАЭБ менен экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жаңы деңгээлинин орнотулушун, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын жана анын өлкөсүнүн өкмөтүнүн ортосунда меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүнүн иштелип чыгышын колдоорун айтып өттү. Анын пикири боюнча, ЕАЭБ менен тике диалог соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын бардык болгон резервдерин максималдуу түрдө аракетке салууга мүмкүндүк бермекчи.

ЕЭК министри Эфиопиянын кызматташтыкты активдештирүүгө карата конструктивдүү маанайын колдоду жана ЕАЭБ мамлекеттеринин Африканын бир катары өлкөлөрү менен, анын ичинде Эфиопия менен салттуу түрдө өнүккөн байланыштарын баса белгилеп өттү. Ошондой эле, Сергей Глазьев Бирликтин жана Аддис-Абебанын соодалык өз ара аракеттенүүсүнүн учурдагы деңгээли бизнестин потенциалына жана күтүүлөрүнө шайкеш келбей жаткандыгы анык деп белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердиктин өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн жана аз өнүккөн өлкөлөрдөн товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине тиешелүү бөлүгүндөгү бажылык жөнгө салуунун айрым аспектилери каралды.​