Sign In
ЕЭК жана Фарер аралдары бизнес-форумду өткөрүү жөнүндө келишишти

ЕЭК жана Фарер аралдары бизнес-форумду өткөрүү жөнүндө келишишти

Фото-Фареры-Глазьев-12_02_2020.JPG
12.02.20

Белгиленген бизнес-форумдун маалыматтарын талкуулап жатып, ЕЭК министри бул демилгени колдоду жана мындай иш-чаранын өткөрүлүшү ЕАЭБдин жана Фарер аралдарынын ишкердик коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы тике байланыштарды орнотууга өбөлгө түзөт деп белгиледи.

"Ушул жылдын июнь айында Фарердин борбор шаарына барууга чакыргандыгыңыздар үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жакынкы убакытта биз ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бизнес-ассоциациялары менен биргеликте аталган иш-сапардын күн тартибин жана катышуучуларын түзүүнүн үстүнөн иштөөгө киришмекчибиз. Талкуу үзүрлүү болуп, ал эми анын натыйжасы компаниялардын ортосундагы жаңы байланыштар болот жана, натыйжа катары, экономикалык кызматташтыктын көлөмдөрү жана сапаты өсөт деп ишенем", – деди Сергей Глазьев.

Өз кезегинде Хакун Дьурхуус ЕЭКтин жана Фарердин ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагындагы өз ара аракеттенүү жана биргелешкен жумушчу топтун 2019-жылдын май айында өткөрүлгөн биринчи отуруму ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү менен кызматташтыкты жолго коюуга жана активдештирүүгө мүмкүндүк берди, ал эми бизнес-форумду өткөрүүгө кызыгуу Фарер делегациясынын Бирликтин мамлекеттерине иш сапарларынын жүрүшүндө байкалгандыгын баса белгиледи.

"Биз туура багытта бара жатабыз. Биздин ишибиз олуттуу натыйжаларга алып келүүдө. Биз Фарер аралдарынын жана Евразия регионунун ортосундагы байланыштарды жолго коюуга расмий жана ишкердик коомдоштуктар тараптан кызыгуунун өсүп жаткандыгын көрүүдөбүз", – деди Хакун Дьурхуус.

Маалымат

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин Фарер аралдары менен товар жүгүртүмүнүн өсүшү 2010-2017-жылдар аралыгында нарктык мааниде 20 эсе көбөйүп, дээрлик 400 млн долларга жеткен. Ошону менен бирге акыркы эки жылдын ичинде сооданын көрсөткүчтөрү төмөндөөдө: 2019-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыктары боюнча товар жүгүртүү 2018-жылдын ушундай эле мезгил аралыгына салыштырмалуу 12,3%га төмөндөгөн (283,2 млн долл. чейин), анын ичинде экспорт – 12,5%га (12,5 млн долларга чейин), импорт – 12%га (270,6 млн долларга чейин).

ЕАЭБ өлкөлөрү Фарер аралдарына рапс майынын, мунай өнүмдөрүнүн, кагаздан жана картондон жасалган идиштердин, балык уулоодо колдонулуучу торчолордун жана торлордун маанилүү жеткирүүчүсү болуп саналат. Фарерден ЕАЭБге импорт дээрлик толугу менен жаңы кармалган, тоңдурулган же муздатылган балыктан, балыктын сөөксүз этинен турат.

2018-жылдын 24-августунда Торсхавнда ЕЭКтин жана Фарер аралдарынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

2019-жылдын 20-майында Москвада ЕЭКтин жана Фарердин өз ара аракеттенүүсү боюнча биргелешкен жумушчу топтун биринчи отуруму өткөрүлгөн. Иш-чаранын жүрүшүндө Фарердик тарап жумушчу топтун кийинки отурумун бизнес-форумга учурлаштыруу менен, 2020-жылда Торсхавнда өткөрүүнү сунуш кылган. Бул сунуш отурумдун жыйынтыктары боюнча протоколдо катталган.