Sign In
Россия, Казакстан жана Иран буудай менен соодалашуу маселеси боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

Россия, Казакстан жана Иран буудай менен соодалашуу маселеси боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

12.02.19
Россиянын, Казакстандын жана Ирандын Айыл чарба министрликтери буудай менен соодалашуу маселеси боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө үч тараптуу меморандум түзүштү. Меморандумга кол коюу жөнүндө макулдашуу Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Ирандын ортосунда эркин соодалашуу аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн бири болуп калды. 12-февралда Москвада өткөн кол коюу салтанатына Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина катышты.
 
Вероника Никишина Россия, Казакстандын – дүйнөлүк рынокко буудайды негизги жеткирүүчүлөрү – жана Ирандын ортосунда меморандумга кол коюлушу ЕАЭБден Ирандын жана бүтүндөй аймактын рыногуна жогору сапаттуу буудайды жеткирүүнүн толук кандуу түзмөгүн жандандырууга карата жолдогу биринчи кадам болмокчу деген ниетин билдирди.
 
"Бул иш-чараны 2018-жылдын майында кол коюлган Убактылуу макулдашуу күчүнө киришине даярдык контекстинде кароо керек. Макулдашууну Беларусь Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы ратификациялашты. Биз ирандык өнөктөштөр менен өз ара иштешүүнүн келечектүүлүгүнө ишенебиз жана соода-экономикалык кызматташтыктын бардык багыттарында диалогду улантууга даярбыз, буга байланыштуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн катышуучу-өлкөлөрү тарабынан да, Иран тарабынан да макулдашууну ратификациялоо боюнча процедуралардын эртерээк бүткөрүлүшүн күтүүдөбүз", - деп белгиледи Вероника Никишина.