Sign In
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин газ рыногун калыптандыруу Концепциясын колдоого алды

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин газ рыногун калыптандыруу Концепциясын колдоого алды

12.02.16

Москвада 12-февралда Евразия экономикалык Кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү.
Иш-чарага ЕЭК Кеңешинин төмөнкү мүчөлөрү катышты:  Армения Республикасынын Эл аралык экономикалык интеграция жана реформаларынын министри, вице-премьер-министри  Ваче Габриелян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары  Василий Матюшевский, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары  Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов,  Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары  Игорь Шувалов, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын (Министри) мүчөлөрү.

ЕЭК Кеңеши интеграция жана макроэкономика, соода, бажы кызматташтыгы, экономика жана финансы саясаты, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, техникалык жөнгө салуу, энергетика жана инфраструктура боюнча бир катар маселелерди карады.

Жыйынды ачып жатып, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, 2016-жылы Биримдикке Казакстан төрагалык кыла тургандыгын белгиледи.  «Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары  Сагинтаев Бакытжан Абдировичти ушул ардактуу жана жооптуу кызматы менен куттуктагым келет. Быйылкы жылы ЕЭК Коллегиясынын жаңы курамы менен биздин жалпы ишибиз буга чейинкиден да натыйжалуу болот деп ишенем”, деп белгиледи Тигран Саркисян.

 Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев   Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн башчыларына кайрылуусун мисал келтирди.  Документте евразиялык интеграцияны тереңдетүү боюнча ушул жылга каралган стратегиялык перспективалар (пландар) көрсөтүлгөн. 

ЕЭК Кеңешинин отурумунун жыйынтыгында Евразия экономикалык биримдигинин газ рыногун калыптандыруу Концепциясы колдоого алынды.

 Энергетика жана инфраструктура боюнча ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү (Министри) Данил Ибраев Концепциянын долбоорун сунуштап жатып, документ ЕАЭБ келишиминин негизинде иштелип чыкканын билдирди.  Келишимге ылайык, Биримдиктин газ рыногун калыптандыруу максатында, 2016-жылы тиешелүү Концепцияны, ал эми 2018-жылдын 1-январына чейин Биримдиктин жалпы газ рыногун калыптандыруу программасын иштеп чыгуу жана бекитүү алдын-ала каралууда. Андан кийин Биримдик өлкөлөрү ЕАЭБдин жалпы газ рыногун калыптандыруу боюнча эл аралык келишим түзүшөт жана анын 2025-жылдын 1-январынан кечиктирбестен күчүнө киришин камсыз кылат.

“Чындыгында, аталган Концепция маанилүү чечим болуп калды, анткени, биз биринчи жолу атаандаштык рыногуна чыгабыз жана жаратылыш газы сыяктуу өзгөчө товарды сатуунун рыноктук принциптерин ишке ашырабыз. Айрыкча, бул газ рыногунун негизги катышуучулары жана жөнгө салуучуларынын Концепциянын жоболоруна макул болгондугу менен өзгөчө маанилүү, бул улуттар аралык деңгээлдеги аракеттердин туура багытта экендигин тастыктайт.

Документ Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин, анын негизинде Жалпы газ рыногун калыптандыруу программасы иштелип чыгат, анда 2024-жылдын 1-январына чейин иш-чаралардын басымдуу бөлүгүн ишке ашыруу каралган, анын ичинде:

  • ЕАЭБ өлкөлөрүндө толук кандуу биржа рынокторун калыптандыруу;
  • жалпы рынокто биржа соода-сатыгын уюштуруу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу;
  • өз ара соода-сатык эрежелерин иштеп чыгуу, анын ичинде газ-транспорттук системаларды пайдалануунун бирдей эрежелери;
  • рынокко катышуучулар арасында маалымат алмашуу системасын түзүү;

Данил Ибраевдин сөз боюнча, Келишимде жалпы рыноктун ишке киргизилиши 2025-жылдын 1-январынан кечиктирилбей тургандыгы белгиленген.  “Демек, ошого чейин бардык пландаштырылган иш-чаралар жана чечимдер ишке ашырылууга тийиш” - деп белгиледи ал.

“Жалпы газ рыногу Биримдиктин аймагында газдын эркин ташылышын,газ-транспорттук инфраструктураны пайдалануу мүмкүндүгүн, газга болгон бааларды турукташтырууну, экономиканы жана калкы үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылууну, өлкөлөрүбүздүн калкынын газ менен жогорку деңгээлде камсыз болушун көздөйт. Бул газды өндүрүшкө пайдалануучулардын позициясын индустриялаштыруу жана жакшыртуу процесстерине түздөн-түз өбөлгө түзүүгө тийиш, бул реалдуу сектордун өсүшү үчүн маанилүү”, - деп билдирди ЕЭК министри.

Алдын-ала болжолдоолор боюнча, беш жыл аралыгындагы  Биримдиктин газ рыногун түзүүдөн алынуучу пайда (натыйжа) 5 млрд.  АКШ долларына бааланууда. Аталган Концепция Евразия мейкиндигинде жалпы газ рыногун калыптандыруу үчүн укуктук негиз салуучу биринчи документ болуп саналат.