Sign In
ЖЕЭК Өзбекстанга жана Кубага ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүүнү жактырды

ЖЕЭК Өзбекстанга жана Кубага ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүүнү жактырды

11.12.20

11-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигининин мүчө мамлекеттеринин мамлекет башчылары Өзбекстан Республикасына жана Куба Республикасына ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Буга чейин аталган өлкөлөрдүн президенттери Бирлик менен ушундай форматта өз ара аракеттенүү жөнүндө демилгелерин билдиришкен эле.

Бирликтин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу ЕАЭБ жөнүндө келишимде каралган. Байкоочу мамлекет Евразия экономикалык комиссиясына ЕЭК менен үзгүлтүксүз негизде өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу болгон өкүлүн жиберүүгө укуктуу.

Өкүл, анын аппаратынын кызматкерлери жана байкоочу мамлекеттин башка өкүлдөрү чакыруу боюнча Комиссиянын Коллегиясынын, Кеңешинин жана ЕЭКке караштуу консультативдик органдардын отурумдарында катыша алышат. Ошондой эле, байкоочу мамлекеттин мамлекет башчысынын жана өкмөт башчысынын Жогорку Кеңештин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумдарында чакыруу боюнча катышуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Байкоочунун статусун алган мамлекет Бирликтин жана анын мүчө мамлекеттеринин, ЕАЭБ жөнүндө келишимдин кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон кандай болбосун иш-аракеттерден алыс болууга милдеттүү.

Маалымат

Өзбекстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдүү түрдө кеңейтүүдө.
 Алсак, 2016–2019-жылдарда Өзбекстандын
мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүүсү 4,5 млрд доллардан 9,1 млрд долларга чейин 2 эсе өскөн. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын ЕАЭБ менен тышкы соодасынын үлүшү 30% түзөт, ал эми айыл чарба продукциясынын экспорту 75%дан ашат.

Өзбекстандын калкы – 30,6 млн адам. Өлкөнүн сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча ИДӨсү дээрлик 223 млрд долларды түзөт. Тышкы соода жүгүртүүсү – 22,9 млрд долл., анын ичинде экспорт – 11,5 млрд долл. (анын дээрлик 20% ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет), импорт – 11,4 млрд долл. (дээрлик 55% ЕАЭБ өлкөлөрүнөн).

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Бирликке мүчөлүк кылбаган катышуучу мамлекеттери менен ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин приоритети болуп саналат.

ЕАЭБдин Бирликтин алдындагы байкоочу мамлекет катары Куба менен өз ара аракеттенүүсү 2018-жылда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында ЕЭКтин Куба Республикасынын Өкмөтү менен буга чейин калыптанган өз ара аракеттенүү механизмдерин өнүктүрөт, аталган меморандумга ылайык биргелешкен жумушчу топ иштейт.

Кубалык тарап ЕАЭБ менен диалогду Куба Республикасынын Евразия континентиндеги салттуу өнөктөштөрү менен соода-экономикалык байланыштарды кайра жаңыртуунун маанилүү элементи жана кызматташтыкты жаңы татыктуу баскычка чыгаруу үчүн түрткү катары карайт.

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин Куба менен соода-экономикалык кызматташтыгынын өнүгүү деңгээли чоң өсүү потенциалына ээ. 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Куба менен товар жүгүртүүсү 214,7 млн долларды түзгөн, анын ичинде экспорт – 197,1 млн долл. жана импорт – 17,6 млн долл. 2018-жылда ЕАЭБдин жана Кубанын ортосундагы товар жүгүртүүнүн 2010-жылдан бери рекорддуу деңгээли катталган (417,5 млн долл.).​