Sign In
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары

11.12.20

Бүгүн Жогорку Евразия кеңешинин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын, ЖЕЭКтин Ардактуу Төрагасы, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додондун, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин, Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда видеоконференция режиминдеги отуруму болуп өттү.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын бекитишти.

Стратегияны ишке ашыруу инвестициялык жана инновациялык активдүүлүктүн өсүшүнүн, өсүшкө жана жумуштуулукка көмөк көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин түзүүнүн эсебинен мүчө мамлекеттердин экономикаларынын өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Документте ЕАЭБ жөнүндө келишим менен каралбаган, билим берүү жана илим, туризм, спорт жана саламаттыкты сактоо сыяктуу жаңы чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын механизмдери аныкталган.

Комиссияга тараптар менен биргеликте 2021-жылда иштелип чыгышы керек болгон Евразия экономикалык бирлигинин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин алкагында ЕАЭБдин жалпы газ рыногунда газды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө бааларды жана тарифтерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Иштин жыйынтыктары тууралуу ЖЕЭКтин кезектеги отурумунда билдирилмекчи.

Жогорку кеңеш Өзбекстанга жана Кубага ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүүнү жактырды. Аталган статуска ылайык, байкоочу мамлекеттин өкүлдөрү чакыруу боюнча Бирликтин органдарынын отурумдарында чечимдерди кабыл алууда катышуу укугусуз катыша алышат жана Бирликтин органдары тарабынан кабыл алынып жаткан документтерди ала алышат.

Бирликтин мамлекеттеринин башчылары ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин 2021-жылга карата Негизги багыттарын бекитишти. Документте ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин кийинки жылга карата негизги векторлору жана практикалык приоритеттери чагылдырылган, 2021-жылда алар менен кызматташтыкты тереңдетүү пландаштырылган үчүнчү өлкөлөр, регионалдык интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуунун буга чейин түзүлгөн механизмдери, ошондой эле эл аралык кызматташтыктын потенциалдуу перспективдүү багыттары белгиленген.

Жогорку кеңеш Бирликтин тышкы соода саясаты жаатындагы орто мөөнөткө карата стратегиялык багыттарды аныктады.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары Иран Ислам Республикасы менен Убактылуу макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Иран менен эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону жактырышты. Бул өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө, соода байланыштарын тереңдетүүгө, ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана Иранга жеткирилүүчү продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Бирликтин мамлекет башчылары ЕАЭБде атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча мамилелерди талкуулашты.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Бирликтин жалпы газ рыногун түзүүнүн биринчи баскычынын иш-чараларынын аягына чыгарылышын камсыз кылуу жана экинчи баскычка өтүү жөнүндө чечим кабыл алышты, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мунай чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча "жол картасын" бекитишти.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕЭК Кеңешине Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрүнүн чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерин бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берди. Евразия экономикалык комиссиянын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тиешелүү мындай чечим ЖЕЭКтин отурумунда кабыл алынды. Аталган эрежелер ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн жеткирүүчүлөрүнө Евразия экономикалык бирлигиндеги мамлекеттик сатып алууларга жетүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылат деп күтүлүүдө.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары ЖЕЭКтин айрым чечимдерине аба ырайы боюнча кызмат көрсөтүүлөр жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, ЕАЭБдин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу иштеген секторлордун (секторчолордун) тизмегине мүлктү баалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр сектору жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырышты. ЖЕЭК мүчөлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө кызмат көрсөтүүлөрдү либералдаштырууну тездетүүнү тапшырышты.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары бир катар документтерге кол коюшмакчы. Атап айтканда, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча куралдарын алып өтүүдө кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатында маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга, 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык аймактар жана эркин бажы аймагынын бажы жол-жобосу маселелери боюнча макулдашууга жана бир катар башкаларга.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕАЭБ Сотунун судьясы Эрна Айриянды Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун Төрайымы, Бирликтин Сотунун судьясы Константин Чайканы – ЕАЭБ Сотунун Төрагасынын орун басары кылып дайындады. Аталган чечим 2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

ЖЕЭКтин чечимине ылайык 2021-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБдин органдарында – Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде Казакстан Республикасы бир жыл бою төрагалык кылмакчы. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, аталган органдардагы төрагалыктын постунда жыл сайын орус алфавитинин тартибинде пландык ротация жүргүзүлөт. 2020-жылда бардык түзүмдөрдө Беларусь Республикасы жана анын өкүлдөрү төрагалык кылды.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кийинки отуруму 2021-жылдын май айында Казакстан Республикасында өткөрүлмөкчү.​