Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү мунай чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтиришмекчи

ЕАЭБ өлкөлөрү мунай чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтиришмекчи

11.12.20

Мамлекет башчылары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 11-декабрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мунай чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча "жол картасын" бекитишти.

"Жол картасы" шайкеш келтирүүнүн негизги багыттарын аныктайт, ошондой эле төмөнкүлөргө тиешелүү иш-чараларды камтыйт:

– ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтарды жыл сайын талдоо,

– шайкеш келтирүү боюнча аткарылып жаткан иш жөнүндө өз ара маалымдоо,

– мүчө мамлекеттердин мунай чөйрөсүндөгү улуттук актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдүн Бирликтин жалпы мунай жана мунай өнүмдөрү рыногун түзүү принциптерине шайкештигин талдоо.

Мыйзамдарды шайкеш келтирүү Бирликтин жалпы мунай жана мунай өнүмдөрү рыногунун катышуучуларынын ортосунда мунай жана мунай өнүмдөрү менен соода жүргүзүүнүн рыноктук принциптерин камсыз кылууга, мүчө мамлекеттердин мунай жана мунай өнүмдөрүн казып алуу, ташуу, жеткирүү, кайра иштетүү жана сатуу чөйрөлөрүнө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Аталган тескеме ал жарыялангандан күндөн тарта күчүнө кирмекчи. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, жалпы мунай рыногу 2025-жылдан кеч эмес түзүлүүгө тийиш.​