Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү жалпы газ рыногун түзүүнүн экинчи баскычына өтүү жөнүндө чечим кабыл алышты

ЕАЭБ өлкөлөрү жалпы газ рыногун түзүүнүн экинчи баскычына өтүү жөнүндө чечим кабыл алышты

11.12.20

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн башчылары 11-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда Бирликтин жалпы газ рыногун түзүүнүн биринчи баскычынын иш-чараларынын аягына чыгарылышын камсыз кылуу, анын ичинде газ транспорту тутумдарынын эркин кубаттуулуктары жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана толуктугун камсыз кылуу; газ транспорту тутумдарына жетүүнүн бирдиктүү эрежелерин иштеп чыгуу жана макулдашуу; газ менен биржалык тооруктарды ишке ашыруунун Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан макулдашылган тартибин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алышты.

Ошондой эле, Бирликтин жалпы газ рыногун түзүүнүн экинчи баскычына өтүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Аталган баскычтын алкагында Бирликтин жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимдин долбоорун даярдоо зарыл, анда Бирликтин жалпы газ рыногунун иштөөсүнүн жана аны жөнгө салуунун принциптери аныкталмакчы.

Бирликтин жалпы газ рыногун түзүүнүн биринчи баскычынын иш-чараларын ишке ашырууну аяктагандан кийин Бирликтин жалпы газ рыногун түзүүнүн экинчи баскычынын башка иш-чараларын ишке ашыруу пландаштырылууда.

Аталган чечим расмий түрдө жарыялангандан күндөн тарта күчүнө кирмекчи.

ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, жалпы газ рыногу 2025-жылдан кеч эмес түзүлүүгө тийиш.​