Sign In
ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын бекитишти

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын бекитишти

11.12.20

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары 11-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын бекитишти.

Комиссияга тараптар менен биргеликте 2021-жылда иштелип чыгышы керек болгон Евразия экономикалык бирлигинин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин алкагында ЕАЭБдин жалпы газ рыногунда газды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө бааларды жана тарифтерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Иштин жыйынтыктары тууралуу ЖЕЭКтин кезектеги отурумунда билдирилмекчи.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешине
2021-жылдын I кварталында Стратегиялык багыттарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү, мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана ЕЭКке – документтин ишке ашырылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Чаралардын жана механизмдердин тизмеги (дээрлик 330 позиция) интеграцияны андан ары өнүктүрүүнүн "жол картасы" болуп саналат. Аны аткаруу 13 эл аралык келишимди, ЕАЭБдин 60тан ашуун ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгууну жана аларга кол коюуну, Бирлик жөнүндө келишимге дээрлик 25 өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырат.

Стратегияны ишке ашыруу инвестициялык жана инновациялык активдүүлүктүн өсүшүнүн, өсүшкө жана жумуштуулукка көмөк көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин түзүүнүн эсебинен мүчө мамлекеттердин экономикаларынын өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Документте ЕАЭБ жөнүндө келишим менен каралбаган жаңы чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын механизмдери аныкталган: билим берүү, туризм, спорт жана саламаттыкты сактоо.

Документте үчүнчү өлкөлөр, ошондой эле интеграциялык бирикмелер менен экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү каралган.

Эске сала кетсек, ушул жылдын май айында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары Стратегия-2025 долбоорун жалпысынан жактырышкан жана Евразия экономикалык комиссиясына тараптар менен биргеликте анын кем жерлерин иштеп чыгууну тапшырышкан. Андан кийин дагы 36 сунуш кароого чыгарылган.

Маалымат

Стратегиялык багыттар 2018-жылдын 6-декабрындагы ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруунун алкагында Комиссия жана мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан даярдалган жана Бирликтин стратегиялык максаттарына жетүү боюнча конкреттүү чараларды жана механизмдерди камтыйт.​