Sign In
ЕАЭБ Соту легион-спортчулардын эмгек мамилелери жөнүндө дискуссияга чекит койду

ЕАЭБ Соту легион-спортчулардын эмгек мамилелери жөнүндө дискуссияга чекит койду

Depositphotos_71076033_s-2015.jpg
11.12.18
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кайрылуусу боюнча Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Соту ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 97-беренесинин 2-пунктунун жоболорун Бирликтин мүчө мамлекеттеринин спорттук клубдарында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн спортчуларга карата колдонуу туурасында бүтүмүн чыгарды.
 
ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 97-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Бирлик өлкөлөрү мүчө мамлекеттердин эмгекчилерине карата эмгектин улуттук рыногун коргоо үчүн алардын мыйзамдарында каралган чектөөлөрдү аныкташпайт жана колдонушпайт. Улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо максатында аныкталган чектөөлөр гана колдонулушу мүмкүн.

ЕАЭБ Соту мүчө мамлекеттер ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 97-беренесинин 2-пунктун эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн профессионал спортчуларга карата колдонбоосу ЕАЭБ алкагында эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүү максатына жетүүгө кедерги болуучу тоскоолдук болуп саналат деген бүтүмгө келген.

Мындан тышкары ЕАЭБ Сотунун Чоң коллегиясынын пикири боюнча, мүчө мамлекеттер ЕЭК чечимдерин аткарууга милдеттүү, ал эми аларга макул эмес учурларда - аныкталган тартипте бул чечимдерге даттанууга укуктуу. Комиссиянын мыйзамдуу күчүнө кирген жана аныкталган тартипте каршы чыгып талашылбаган чечимдерин аткарбоо ЕАЭБ жөнүндө келишимге туура келбейт.