Sign In
ЕАЭБде COVID-19га байланыштуу автомобилдерди убактылуу алып келүү мөөнөттөрү узартылды

ЕАЭБде COVID-19га байланыштуу автомобилдерди убактылуу алып келүү мөөнөттөрү узартылды

11.09.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 11-сентябрдагы отурумунда учурда сакталып жаткан COVID-19 пандемиясына жана коронавирустук инфекциянын экинчи "толкунунун" пайда болуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу жеке жактар үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында алардын автомобилдеринин жана башка транспорт каражаттарынын убактылуу болуу мөөнөттөрүн узартты.


Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү ЕЭК Кеңешинин ушул жылдын 29-апрелиндеги № 47 чечимин 2021-жылдын 31-мартына чейин узартуу жөнүндө Беларусь Республикасынын демилгесин колдошту.

Ошентип, автоунааларды жана башка техниканы убактылуу алып келген жарандар кийинки жылдын 31-мартына чейин аларды ЕАЭБден кайра алып чыгуу милдетинен бошотулду жана аларга карата административдик чаралар колдонулбайт жана бажы төлөмдөрү төлөнбөйт.

Бул чечим Калининград областынан жеңилдетилген тартипте бажылык жол-жоболоштуруудан өткөн жеке автоунаалары менен келип, үйүнө кете албай жаткан жарандарга да тиешелүү.

Ошондой эле, ЕЭК Кеңеши ЕАЭБге туруктуу жашоо үчүн көчүп келген жак, качкын, аргасыз көчүп келген жак статусун алган чет өлкөлүк жарандардын жеке мүлкүн ЕАЭБдин бажы аймагына жеңилдетилген тартипте алымсыз алып келүү мүмкүн болгон 18 айлык мөөнөттүн жүрүшүн 2021-жылдын 31-мартына чейин убактылуу токтотту.

Бул чечим ушул 2020-жылдын 1-мартынан 2021-жылдын 31-мартына чейин пайда болгон же пайда боло турган учурларга тиешелүү.

Бул чечимдин кабыл алынышы жарандардын ЕАЭБде коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча кабыл алынган чараларга байланыштуу өз укуктарын ишке ашыруу жана милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу менен шартталган.​