Sign In
ЕЭК Кытайдан алып келинген түтүктөргө карата демпингге каршы чараны узартты

ЕЭК Кытайдан алып келинген түтүктөргө карата демпингге каршы чараны узартты

11.08.20
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 11-августта мунай жана газ чөнөктөрүн бургулоо жана эксплуатациялоо үчүн колдонулган, КЭРден алып келинген тигишсиз болот түтүктөргө карата демпингге каршы чараны 2021-жылдын 12-майына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Алымдын аракеттенүү мөөнөтү Ички рынокту коргоо департаменти тарабынан 13-майда башталган демпингге каршы кайта иликтөө жүргүзүлгөн убакытка узартылды.

"Мындай чара 2020-жылда коронавирус пандемиясынын фонунда мунай казып алуу көлөмдөрүнүн өзгөрүшүнөн жана буга байланыштуу түтүктөрдүн жеткирүүчүлөрү тарабынан атаандаштыктын күчөшүнөн улам рыноктогу туруксуз жагдайдын болушунун шарттарында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарынын корголушуна өбөлгө түзөт", – деп ЕЭКтин соода блогунда түшүндүрүштү.

ЕАЭБдин ченемдик-укуктук базасына ылайык, кайта иликтөө ал башталган күндөн тарта 12 айдын ичинде аякталууга тийиш. Аталган продукцияга карата демпингге каршы чара 2015-жылдын августунда белгиленген жана 22-сентябрда аяктамак. 

Кайта иликтөөнүн жүрүшүндө КЭРден мунай жана газ өндүрүү түтүктөрүн жеткирүүдө демпингди сактоо,  ошондой эле, чаранын аракети токтотулган учурда, ЕАЭБдин экономикасы үчүн зыяндын кайра пайда болушу каралууда. Иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча чараны колдонууну улантуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

Маалымат

"Челябинск түтүк жасоочу заводу" КАК, "Первоуральск жаңы түтүк заводу" АК, "Волжск түтүк заводу" АК, "Северск түтүк заводу" КАК, "Таганрог металлургиялык заводу" КАК, "Синара түтүк заводу" КАК, "ТМК-Казтрубпром" ЖЧШ тарабынан берилген арызды кароонун натыйжалары кайта иликтөөнү баштоо үчүн негиз болду. Учурда аракеттенген демпингге каршы чара бажы наркынын 12,23% - 31% түзөт. Алым өзүнө нарктык милдеттенмелерди алган компаниялардын продукциясын алып келүүдө алынбайт.​