Sign In
ЕЭК Дары каражаттарын каттоонун жана аларга экспертиза жүргүзүүнүн эрежелерин иштеп чыкты

ЕЭК Дары каражаттарын каттоонун жана аларга экспертиза жүргүзүүнүн эрежелерин иштеп чыкты

11.08.15

Евразия экономикалык комиссиясынын Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) дары каражаттарынын айланымын жөнгө салууга карата жалпы ык-амалдарды калыптандыруу боюнча жумушчу тобу Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоонун жана аларга экспертиза жүргүзүүнүн эрежелеринин долбоорун иштеп чыккан.

Бул документ ЕАЭБда дарылардын жалпы рыногун калыптандыруу үчүн зарыл, рынок 2016-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштамакчы. Бул күндөн тарта бардык коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дары каражаттары Бирликтин бүтүндөй аймагы боюнча эркин жүгүртүлөт.

Эрежелерде алдыңкы эл аралык тажрыйба, ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын эксперттеринин жана  бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн сунуштары эске алынган.

Тактап айтканда, Эрежеде дары препараттарын каттоого билдирүү берүүгө карата, дарылардын ар кандай топтору үчүн каттоо досьесинин форматына жана мазмунуна (анын ичинде кадимки дары, биологиялык, гомеопатиялык препараттар, өсүмдүк чийки заттарынан жасалган препараттар, колдонуу тажрыйбасы жакшы изилденген препараттар, кан препараттары жана башкалар) талаптар ийне-жибине чейин жазылган.

Эрежелердин маалыматтарын колдонуу дарыларга экспертиза жүргүзүү процессинде жана аларды каттоого карата билдирүүлөрдү жана каттоо досьелерин кароо процессинде Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын (эксперттик уюмдардын) өз ара иштешүүсүнүн транспаренттик системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Эрежелердин долбоору ЕАЭБ жана Комиссиянын сайттарында ачык талкуу үчүн жайгаштырылган.

Маалымат:

Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоонун жана аларга экспертиза жүргүзүүнүн эрежелеринин долбоору Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Дары каражаттарынын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө 2014-жылдын 23-декабрындагы макулдашууга ылайык иштелип чыгарылган, анын жоболорун жүзөгө ашыруунун натыйжасында ЕАЭБ алкагында дары каражаттарынын жалпы рыногу калыптандырылат.

ЕЭК Коллегиясынын 2012-жылдын 30-октябрындагы №204 чечими менен түзүлгөн ЕАЭБ алкагында дары каражаттарынын айланымын жөнгө салууга карата жалпы ык-амалдарды калыптандыруу боюнча жумушчу топтун курамы жакында жаңыланып, ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 9-июнундагы №52 Тескемеси менен бекитилген редакцияда иштөөдө.