Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян: “Жеңиш күнү биздин жалпы экономикалык долбоордун - Евразия биримдигинин чоң келечегине баарыбызды үмүттөндүрөт”

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян: “Жеңиш күнү биздин жалпы экономикалык долбоордун - Евразия биримдигинин чоң келечегине баарыбызды үмүттөндүрөт”

11.05.16

10-майда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда интеграция жана макроэкономика, соода, экономика жана каржы саясаты, ички рыноктор, техникалык жөнгө салуу, агроөнөр жай комплекси чөйрөлөрүндөгү суроолор каралды.

Отурумду ачып жатып Тигран Саркисян анын катышуучуларын жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бардык жашоочуларын Улуу Атамекендик согушта Жеңиш күнүнүн 71 жылдыгы менен куттуктады.  “Жеңиш күнү - Биримдиктин бардык өлкөлөрүнүн жарандары үчүн улуу күн, - деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. - Биздин чоң аталарыбыз жана бабаларыбыз жалпы душманга каршы согушта биригип, фашизм менен болгон айыгышкан күрөштө жеңип чыгышкан”. Тигран Саркисяндын айтымында, Жеңиш күнү - эрдиктин жана баатырлыктын символу гана болбостон, ата-бабаларыбыздын даңкын арттырууга аракет кылууга, дүйнөдө тынчтык үчүн чакырык. “Биригүү менен биз эң кыйын тоскоолдуктарды жеңип жана көптөгөн ийгиликтерге жетише аларыбыздын эң көрүнүктүү тарыхий далили.  Жеңиш күнү биздин жалпы экономикалык долбоордун - Евразия биримдигинин чоң келечегине баарыбызды үмүттөндүрөт”, - деп белгиледи Комиссия Коллегиясынын башчысы.