Sign In
Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ денгээлинде финансылык туруктуулукту камсыз кылуу системасынын калыптанышын колдойт.

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ денгээлинде финансылык туруктуулукту камсыз кылуу системасынын калыптанышын колдойт.

12.02.16

10-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Экономика жана финаны саясаты боюнча Коллегия мүч-сү (Министр) Тимур Сулейменов Москвада болгон ар жылдык Абалкин окууларынын жүрүшүндө “Россиянын экономикалык өсүшү”  тегерек солдогу сөзүндө  ЕАЭБ денгээлинде финансылык туруктуулукту камсыз кылуу системасынын калыптанышы мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылат.

Тимур Сулейменов финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча ишти институционалдаштыруу туруктуу иштеп турган Кеңешме же ЕАЭБнын Финансылык туруктуулук боюнча Кеңешинин формасында ЕАЭБ мамлекеттеринин финансы министрликтеринин, экономика министринин жана улуттук банктардын (борбордук), ошондой эле Комиссиянын жетекчилеринин денгэлинде жүзөгө ашышы мүмкүн. Кенештин иши Биримдик өлкөлөрүндө финансылык туруктуулукту камсыз кылууга, акыйкат атаандаштык үчүн шарт түзүүгө, улуттук көз караштан кандай болсо, интеграциялык жактан бирдей экономикалык теңдештирилген чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзөт. Натыйжада, Биримдикке кирген мамлекеттерде туруктуу экономикалык өсүшкө шарт түзөт.

 2014-2015-жылдардагы негативдүү (терс) жагдайлар аларды жеңүүгө ички ресурстарды, анын ичинде интеграциялык мүнөздөгү ресурстарды издөө зарылчылыгын шарттайт.  Буга байланыштуу, ЕАЭБ алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана капиталдын жалпы рыногун түзүү өзгөчө мааниге ээ. Аталган багыттардын ишке ашуусу Биримдик өлкөлөрүндөгү ички талапты жогорулатууга өбөлгө түзөт, бул ЕАЭБ өлкөлөрүндө кризистик жагдайларды жеңүүнүн, өлкөлөрүбүздүн  экономикалык жана өнөр жай өсүш арымдарынын басаңдоо тобокелдигин четтетүүнүн негизги факторлору болуп саналат.  “Ошондуктан, бүгүнкү күндө аймактык интеграциялык процесстер мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсү, инвестициялык кызматташуунун жанданышы, бирдиктүү долбоорлордун ишке ашырылышынын өбөлгөсү (булагы) болуп калат”,- деп ЕЭКтин Министри белгиледи.

Ошол эле учурда экономиканын төмөн (аз өлчөмдө) деңгээлде акча каражаттары жана кредиттер менен камсыз болушу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн финансы системасындагы мүнөздүү көрүнүш болуп эсептелет. 

Биримдик өлкөлөрүнүн ичинен Россияда эң жогору акчалаштыруу деңгээли байкалууда. Армения, Казакстан жана Кыргызстанда ал 20-25% тегерегин, ал эми Беларусияда минималдуу деңгээлди (12%) түзөт. Кредит менен камсыз кылуу жагынан Россия менен Армениянын экономикасы алдыда (60% жана 50%),  Казахстанда  (35%), Беларусияда жана Кыргызстанда төмөнкү деңгээл белгиленген (тиешелүүлүгүнө жараша, 24% жана 21%). Ошентсе да, эгерде, Россия, Армения жана Кыргызстан үчүн 2000-жылдардын экинчи жарымында акчалаштыруу жана кредит менен камсыз кылуу деңгээлинин өсүшү байкалса, ал эми  Казакстан жана Беларусия үчүн акчалаштыруу деңгээлинин туруктуу төмөндөшү жана ИДӨгө карата ички кредиттин үлүшүнүн эки эсе азайышы күтүлөт.  

Биримдик өлкөлөрүнүн экономикасында орун алган инвестициялык жана финансы ресурстарынын тартыштыгы,  финансылык өнүктүрүү саясатынын натыйжалуу инструменттеринин жоктугу Биримдик өлкөлөрүнүн экономикалык жактан туруктуу өсүшүнө тоскоол болуучу факторлордон болуп саналат. Ошондуктан, тиешелүү финансылык механизмди калыптандыруу (түзүү) башкы мааниге ээ, анткени, аны жайылтуу өлкөлөрүбүздүн экономикасына туруктуу өнүгүү траекториясына чыгуу мүмкүндүгүн берет.  Ушундан улам, Биримдик өлкөлөрүнүн жалпы финансы рыногунун түзүлүшү өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Бул иш үзгүлтүксүз, узак убакытты талап кылат жана 2015-жылы көп иштер аткарылган.

Жалпысынан алганда, бүгүнкү күндө финансы-экономикалык чөйрөдөгү ар башка саясаттарды кеңири координациялоо талап кылына тургандыгы белгилүү. Буга байланыштуу, Комиссия ЕАЭБ деңгээлинде финансылык туруктуулукту камсыз кылуу системасын калыптандыруу мүмкүнчүлүгүн жана максаттуулугун карап чыгууну сунуш кылат.