Sign In
ЕАЭБ жана АСЕАН кызматташтыкты кеңейтүүнү максат кылышууда

ЕАЭБ жана АСЕАН кызматташтыкты кеңейтүүнү максат кылышууда

10.12.19
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) өз ара соодасынын көлөмү жетишерлик чоң эмес. Интеграциялык бирикмелер Чоң Евразия экономикалык өнөктөштүгү идеясын өнүктүрүү максатында соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтиши зарыл. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 9-10-декабрда Москвада өтүп жаткан, ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн эксперттери үчүн биринчи Эл аралык семинарда билдирди.

"Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн АСЕАН менен өз ара соодасынын көлөмү чоң эмес. Ал болушу мүмкүн болгон көлөмдөн эки эсе чамасындай аз. Биздин милдет – жөнгө салуу режимдерин бизнес бири-бирин жакшыраак түшүнө тургандай, тоскоолдуктар азыраак болгондой, биргелешкен долбоорлорду түзүү үчүн көбүрөө маалыматтар жана мүмкүнчүлүктөр бар болгондой кылып бириктирүү. Бүгүн биз Меморандумду жана кызматташтык программасын иш жүзүндө ишке ашырууга киришүүдөбүз жана жалпы максаттарга жетүүгө багыт алдык: ЕАЭБ жана АСЕАН мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү", – деди Сергей Глазьев.

 2018-жылда ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн товар жүгүртүмү 11,5%га жогорулап, 22,4 млрд долларды түздү. ЕАЭБдин АСЕАНдагы алдыңкы соода өнөктөштөрү Вьетнам (29,9%), Сингапур (19%), Малайзия (15,4%), Индонезия (13,4%) жана Таиланд (12,8%) болуп саналат. ЕАЭБ АСЕАН өлкөлөрүнө минералдык өнүмдөрдү, азык-түлүк жана айыл чарба чийки затын, ошондой эле металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды экспорттойт, жана негизинен машиналарды, жабдууларды жана транспорт каражаттарын, азык-түлүк товарларын жана айыл чарба чийки затын импорттойт. Ошону менен бирге 2019-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында ЕАЭБ жана АСЕАНдын товар жүгүртүмү 2,1%га кыскарган.

Сергей Глазьевдин пикири боюнча, "эксперттик консультацияларга жана соода жол-жоболорун жеңилдетүү, техникалык жөнгө салуу, санариптик экономиканы, санитардык жана фитосанитардык чараларды жана өз ара аракеттенүүнүн башка аспектилерин өнүктүрүү маселелери боюнча тажрыйба алмашууга басым жасоо менен, ЕАЭБдин жана АСЕАНдын ортосундагы сапаттуу жана тутумдук маалымат алмашуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү элементи болуп саналат". ЕЭК министри интеграциялык бирикмелердин ортосундагы кызматташтыктын сапатын жана тереңдигин колдогон өнүгүү институттарынын барган сайын маанилүү болуп келе жаткан ролун өзгөчө белгиледи жана алардын потенциалын жана алар тарабынан каралган, өз ара кызыкчылыкка ээ болгон долбоорлорго инвестицияларды каржылоо аспаптарын активдүүрөөк пайдаланууга чакырып өттү.

 Сергей Глазьев ЕАЭБдин жана АСЕАНдын актуалдуу милдети – Бирликти өнүктүрүүнү Кытайдын "Бир алкак – бир жол" демилгеси менен байланыштыруу линиясы боюнча долбоорлор анын курамдык бөлүгү болуп саналган, Чоң Евразия экономикалык өнөктөштүгү идеясын өнүктүрүү максатында өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын түзүү, ошондой эле Евразиянын негизги регионалдык экономикалык бирикмелери жана ири улуттук экономикалары менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү экендигине көңүл бурду.

 ЕЭК министри семинардын катышуучуларына ишкердик коомдоштуктардын линиясы боюнча, атап айтканда, 2018-2019-жылдарда Петербург эл аралык экономикалык формунун алкагында өткөрүлгөн "ЕАЭБ-АСЕАН" бизнес-диалогу сыяктуу биргелешкен семинарларды уюштуруу иш-тажрыйбасын өнүктүрүүнү сунуш кылды.

 Камбоджа Королдугунун мамлекеттик соода министринин орун басары Рити Пич семинардын катышуучуларына АСЕАН мамлекеттеринин атынан кайрылды жана анын тажрыйба алмашуу, эки регионалдык бирикменин ортсоундагы өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу жана тараптардын эксперттеринин ортосунда жумушчу байланыштарды орнотуу үчүн маанилүү экендигин белгилеп өттү.

 "Каржы рынокторундагы туруксуздукка жана экономикалык өсүштүн глобалдык масштабда басаңдашына карабастан, АСЕАН ишеничтүү экономикалык өсүштү, инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашын жана ички керектөөнүн өсүшүн көрсөтүүдө", – деди Рити Пич. Анын пикири боюнча, стратегиялык пландоодо экономикалык өсүштүн драйверлери болуп саналган санариптик трансформация жана жогорку технологиялар сыяктуу тармактарга басым жасоо зарыл.

 Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин Көп тараптуу жана экономикалык кызматташтык жана атайын долбоорлор департаментинин директору Наталья Стапран да ЕЭКтин жана АСЕАНдын ортосундагы Меморандумду жана Кызматташтык программасын, атап айтканда, санариптик экономика жана жаңы технологиялар тармагындагы кызматташтыкты ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси Кирилл Барский ЕАЭБдин жана АСЕАНдын ортосундагы кызматташтыктын, өзгөчө Чоң Евразия экономикалык өнөктөштүгү концепциясын ишке ашыруунун алкагындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно угуучуларды Комиссиянын принциптери, максаттары жана компетенциясы, ошондой эле Бирликтин перспективалуу интеграциялык күн тартиби жөнүдө маалымдады. Өз кезегинде ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Антон Кудасов ЕАЭБдин соода саясатына токтолуп өттү. Мындан сырткары, семинардын катышуучуларына Бирликтин бирдиктүү рынокторунун иши, ЕАЭБдин акча-каржылык жана валюталык саясаты жөнүндө маалымат көрсөтүлдү.

 Семинардын ишинде ЕАЭБдин жана АСЕАНдын катышуучу өлкөлөрүнүн экономикалык саясат, соода саясаты жана интеграция маселелери үчүн жооптуу профилдик министрликтеринин жана ведомстволорунун 100дөн ашуун жетекчилери жана эксперттери катышышты.

Маалымат

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) – 1967-жылы негизделген экономикалык бирикме. Ассоциациянын катышуучулары – Индонезия, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Филиппин, Бруней-Даруссалам, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Камбоджа. Папуа-Жаңы Гвинея жана Чыгыш Тимор байкоочу статусуна ээ. Бул эң ири регионалдык интеграциялык бирикмелердин бири болуп саналат. Анын жалпы ИДӨсү 2,6 трлн АКШ долларын, тышкы соода жүгүртүмү 2,5 трлн АКШ долларын түзгөн жана калкынын саны 622 млн адамды түзөт.​