Sign In
ЕЭК өкүлдөрү "Евразиялык экономикалык перспектива" эл аралык форумуна катышышты

ЕЭК өкүлдөрү "Евразиялык экономикалык перспектива" эл аралык форумуна катышышты

10.11.20
Пандемиялык каатчылыктын шарттарында постсоветтик мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди узак мөөнөттүү өнүктүрүү маселелери, Чоң Евразиянын алкагында мамлекеттердин жана бирикмелердин өз ара аракеттенүү потенциалы, ошондой эле ЕАЭБ менен КМШнын ишмердүүлүгүнүн укуктук ченемдери 10-ноябрда Санкт-Петербург шаарында онлайн-форматта болуп өткөн ""Евразиялык экономикалык перспектива" форумунун негизги темалары болду.

Форумдун пленардык отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян сөз сүйлөдү. Ал форумдун катышуучуларына ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин саламдашуусун жеткирип, аудиторияга пандемиянын жана жалпысынан экономикалык архитектура өзгөрүп жаткан шартта Бирликтин өнүгүү тенденциялары жөнүндө маалымат берди.

"Объективдүү экономикалык кыйынчылыктар мезгилинде, Бирликтин товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы жаатындагы жетишкендиктери биздин өлкөлөрдүн бизнеси үчүн ого бетер байкалууда жана ишкерлерге пандемияга байланыштуу чектөөлөрдүн терс кесепеттерин жоюуга мүмкүнчүлүк берүүдө", - деди Гоар Барсегян.

ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору ошондой эле, Бирликтин эл аралык күн тартибине олуттуу маани берилген, Евразиялык экономикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарынын долбоорун аягына чейин иштеп чыгууга басым жасады.

"Комиссияга Бирликти заманбап дүйнөдөгү маанилүү өнүгүү борборлорунун бири катары позициялоо милдети жүктөлдү. КМШ мейкиндигиндеги жакынкы коңшуларыбыз менен кызматташтыкты тереңдетүү менен чектелбестен, Бирликке өнөктөшүү кызыгуусун көрсөткөн үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен да, ошондой эле
 негизги интеграциялык бирикмелер менен диалогду өркүндөтүү зарыл”, -
деди Гоар Барсегян.

Форумдун иши КМШ өлкөлөрүнөн жана КЭРден эксперттердин катышуусу менен тематикалык тегерек столдор форматында улантылды.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын жардамчысы Мирлан Омуралиев “Пандемиялык жаңы шарттарда 2030-жылга чейинки мезгил аралыгында постсоветтик мейкиндикте экономикалык интеграциянын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү” сессиясында чыгып сүйлөп, анда ЕАЭБдин санарип күн тартибин ишке ашыруу боюнча Бирликтин жетишкендиктери жана келечек пландары жөнүндө айтып берди.

ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Ежов "Чоң Евразия: интеграциялык контурду түзүү мүмкүнчүлүктөрү" тегерек столуна катышты.

Ал Чоң Евразиялык өнөктөштүктүн концепциясын иштеп чыгууда ЕАЭБдин ролу жөнүндө, ошондой эле ЕЭК тарабынан евразиялык мейкиндигиндеги үчүнчү өлкөлөр менен, ошондой эле аймактык интеграциялык бирикмелер жана эл аралык түзүмдөр менен: КМШ, АСЕАН, ШКУ жана башкалар менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.​