Sign In
ЕЭКте Коллегиянын Төрагасынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш түзүлдү

ЕЭКте Коллегиянын Төрагасынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш түзүлдү

10.09.20

10-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин алдындагы Илимий-техникалык кеңештин президиумунун алгачкы отурумунда евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын илимий жактан коштоо жана мамлекеттер аралык программаларды жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруунун перспективалары талкууланды.


Илимий-техникалык кеңеш интеграциянын жана Евразия экономикалык бирлигинин андан ары өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн ачык дискуссия жана кеңешме аянтчасы катары түзүлгөн. Кеңештин президиумуна ЕЭК министрлери, Бирликтин өлкөлөрүнүн илим жана жогорку билим берүү жаатындагы мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана улуттук илимдер академияларынын башчылары кирди.


Илимий-техникалык кеңеш илимий-техникалык прогресстин стратегиялык багыттарын түзөт, приоритеттерди аныктайт, аягында бүткүл Бирликтин экономикасын модернизациялоону жана анын натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуучу инновациялык долбоорлорго чыгуу үчүн алар боюнча программаларды жайылтат деп пландаштырылууда.


Михаил Мясникович белгилеп өткөндөй, илимий ойго басым жасоосуз Бирликтин ийгилиги айкын эмес. "Илимдин белгилүү бир иштеп чыгуулары бар, экономиканын реалдуу секторунун суроо-талаптары бар, бирок көп учурларда мунун баары бирдиктүү чынжырга бирикпейт", – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы констатациялады.


Анын пикири боюнча, илим жана технологиялар чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү инновациялык ишмердиктен, пилоттук долбоорлордон баштоо керек. "Илим – бул деңиз, стихия. Реалдуу экономика – бул катуу жер, кургактык. Академиялык жана илимий-билим берүү коомдоштогу – бул кургактыкка жээктеп токтоп, аны тийиштүү долбоорлор менен байытууга тийиш болгон кеме. Ошондуктан, кеме токтоочу жай – илимди жана реалдуу экономиканы бириктирген инновациялык инфраструктура керек", – деп белгиледи Михаил Мясникович.


ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри, Илимий-техникалык кеңештин төрагасынын орун басары Сергей Глазьев евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын кем жерлерин иштеп чыгуу тууралуу айтып берди. Ал Комиссияга илимий жактан коштоо керек болгон негизги багыттарды атап өттү.


"Сиздердин колдооңуздар керек болгон принципиалдуу жаңы тематика – илимий-технологиялык саясатты жана илимий-техникалык прогресстин приоритеттүү багыттарын түзүү, инновациялык активдүүлүктү, биздин экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу", – деди Сергей Глазьев.


Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүндө илим жана технологиялар чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү жөнүндө өздөрүнүн сунуштарын билдиришти.


Россиянын жана Беларустун улуттук илимдер академияларынын башчылары Александр Сергеев жана Владимир Гусаков Беларусь жана Россия Бирликтик мамлекетинин алкагында биргелешкен мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруу жана илим жана технологиялар жаатындагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорду натыйжалуу башкаруу жана каржылоо тутумун түзүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Казакстандын жана Кыргызстандын улуттук илимдер академияларынын президенттери Мурат Журинов жана Мурат Джуматаев Бирликтин бирдиктүү илимий мейкиндигин түзүүгө карата өздөрүнүн көз караштарын айтышты.


Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Сергей Люлин экономикалык өнүгүүгө максаттуу көмөк көрсөтүү механизмдерин колдонууга жана ЕАЭБде "илим – өндүрүш" мамлекеттер аралык чынжырчаларын түзүүдө Россиянын тажрыйбасын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө токтолуп өттү. Казакстандын илим жана билим берүү вице-министри Мирас Дауленов, Кыргызстандын илим жана билим берүү вице-министри Пазылбек Турбаев, Армениянын илим жана билим берүү вице-министри Артур Мовсисян, Беларустун Илим жана технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Александр Шумилин ЕАЭБдин алкагында илимдин жана бизнестин коммерцияга багытталган өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү идеясын колдошту.


ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян ЕАЭБде Жерди алыстан байкоо маалыматтарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгуу тажрыйбасы жөнүндө айтып берди.


Президиумдун мүчөлөрү эксперттик топтун курамын бекитишти жана евразиялык интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү боюнча демилгелерди эксперттик баалоонун механизмдерин жана багыттарын талкуулашты.​