Sign In
ЕАЭБде «Бир түргө келтирилген «Чексиз жумуш» издөө тутуму» долбоору башталмакчы

ЕАЭБде «Бир түргө келтирилген «Чексиз жумуш» издөө тутуму» долбоору башталмакчы

IMG02043.jpg
10.09.19

9-сентябрда Москвада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, ички рыноктордун иштөөсү, эл аралык кызматташтык, эмгек миграциясы, бажылык жөнгө салуу, каржы жана салык саясаты, санитардык-ветеринардык жана фитосанитардык чаралар, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, атаандаштык жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 1-октябрда Ереванда өткөрүү пландаштырылган отурумунун күн тартибинин долбоорун талкуулашты.

ЕЭК Кеңеши Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктардын тизмегин карап чыкты. ЕАЭБде алып коюулар жана чектөөлөр «жол картасы» механизминин жардамында жоюлат, аны ишке ашыруунун алкагында 2018–2019-жылдар ичинде 17 тоскоолдукту жоюу пландаштырылууда. Азыркы учурда 2017-жылдан бери 40 тоскоолдук, анын ичинде 7 чектөө, 5 алып коюу жана 28 бөгөт жокко чыгарылган.

ЕЭК Кеңеши «Бир түргө келтирилген «Чексиз жумуш» издөө тутуму» долбоорун баштоону жактырды, ал ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун алкагында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен биргеликте Комиссия тарабынан ишке салынмакчы. Долбоордун негизинде Эмгек жана жумуш менен камсыз болуу боюнча федералдык кызматтын (Роструд) демилгеси турат, ал кийинчерээк катышуучу өлкөлөрдүн башка профилдик ведомстволору тарабынан да колдоого алынган.

Долбоордун негизги идеясы – кайсы болбосун жаранга же жумуш берүүчүгө Бирликтин бардык өлкөлөрү боюнча бош жумуш орундарын же резюмелерди издөөгө мүмкүндүк берген издөө тутумун түзүү. Долбоорду 2020-жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландаштырылууда. Аны ишке ашыруу үчүн ЕАЭБдин беш өлкөсүнүн учурдагы улуттук аянтчалары ишке тартылмакчы. Түзүлүп жаткан издөө тутуму мүчө мамлекеттердин жумушка орношуу жана жумуш менен камсыз болуу тармагындагы маалыматтык тутумдарында камтылган, бош жумуш орундары жана жумуш издөөчүлөр жөнүндө маалыматтарга жетүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада тутумдун колдонуучуларына – жумуш издегендерге жана жумуш берүүчүлөргө – анын аймагында жумуш издөө же персонал тандоо зарыл болгон, Бирликтин бир же бир нече өлкөсүн тандоо, улуттук маалыматтык тутумдарга универсалдуу издөө сурамын түзүү, бош жумуш орундары жана резюмелер боюнча маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле интерактивдүү өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Ошентип, долбоор жалпы эмгек рыногун калыптандырууга, жумушчу күчтүн эркин кыймылы процессин тездетүүгө жана эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзмөкчү. Тутумдун ишинин бир календардык жылынын натыйжалары боюнча ага кайрылуулардын саны кеминде 1 млн болот, бош жумуш орундары жана жумуш берүүчүлөрдөн чакыруулар боюнча жооптордун саны – тийиштүүлүгүнө жараша, кеминде 100 миң жана 10 миңди түзөт деп пландаштырылууда.

«Бир түргө келтирилген «Чексиз жумуш» издөө тутуму» долбоору ЕАЭБдин күн тартибин ишке ашыруунун алкагында жумушка орношуу жана жумуш менен камсыз болуу чөйрөсүндөгү санариптик экотутумду түзүү боюнча багыттын бир бөлүгү болуп саналат.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Евразия экономикалык кеӊешинин «Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык ишмердигинин 2020-жылга карата негизги багыттары жөнүндө» чечиминин долбоорун жана ЖЕЭКтин «ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин газды мүчө мамлекеттердин ортосунда ташуу жана жеткирүү жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө» тескемесинин долбоорун карап чыгышты жана жактырышты.

ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин 2020-жылга карата негизги багыттарында үчүнчү өлкөлөр, регионалдык интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен буга чейин түзүлгөн кызматташуу механизмдери көрсөтүлгөн, ошондой эле Бирлик алар менен байланыштарды приоритеттүү тартипте тереңдетүүгө умтулган, потенциалдуу перспективдүү өнөктөштөр аныкталган.

Мүчө мамлекеттердин газды Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосунда ташуу жана жеткирүү жаатындагы шайкеш келтирүүгө жаткан ченемдик укуктук актыларынын тизмеги зарылчылыкка жараша жана Бирликтин жалпы газ рыногун түзүүгө тиешелүү актылардын иштелип чыгышына жараша, мүчө мамлекеттердин сунуштарынын негизинде даярдалат. Ошондой эле, документ мүчө мамлекеттердин газды Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосунда ташуу жана жеткирүү жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн принциптерин аныктайт.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) жаткан продукциянын (товарлардын) бирдиктүү тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул чечим жеке жактарды Бирликтин бажы чек арасы аркылуу жеке пайдалануу үчүн товарларды жол жүгү же кол жүгү менен алып өтүүдө продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү көрсөтүү зарылчылыгынан бошотууга мүмкүндүк берет.