Sign In
Вероника Никишина: «Евразия экономикалык бирлигинин кантип өнүгүшү жаштардан көз каранды»

Вероника Никишина: «Евразия экономикалык бирлигинин кантип өнүгүшү жаштардан көз каранды»

PHOTO-2019-07-11-10-01-45.jpg
10.07.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина 10-июлда Евразия мейкиндигинин жаш дипломаттарынын интеграция жана экономикалык дипломатияга арналган VI Форумунун пленардык сессиясында сөз сүйлөп жатып, Россиянын ТИМинин Жаш дипломаттар кеңешинин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жаштар уюмдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча ишмердигин кубаттады.
ЕЭК министри иш чаранын катышуучуларына ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын саламдашуу сөзүн окуп берди. Анда «2017-жылдан тарта форум бүткүл дүйнөдөн, анын ичинде ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен тышкы саясат ведомстволорунун кызматкерлерин бириктирет, бул өлкөлөрдүн ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыктын илгерилешине өбөлгө түзөт» деп айтылат. Тигран Саркисян форумда ЕЭКтин катышуусу жакшы салт болуп калат деген үмүтүн билдирди. Евразия мейкиндигинде экономикалык дипломатияны өнүктүрүү маселелерин талкуулоо «дипломатиялык коомдоштуктун Евразия экономикалык бирлигине болгон кызыгуусунун өсүп жаткандыгы жөнүндө айтып турат». Ал эми жаш муундун интеграцияга болгон кызыгуусу «Евразия мейкиндигиндеги экономикалык интеграция келечекте өз өнүгүүсүн улантат деген ишеничти туудурат».
«Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстер маселелери «Евразия» Жаш дипломаттар форумундагы талкуунун негизги темаларынан болгону кубанычтуу, – деди Вероника Никишина. – Биздин өлкөлөрдүн болочок саясат жана экономика элитасынын жаш өкүлдөрүнүн жеке сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү байланыштарды бекемдөөгө, ачыктыкты жана ишенимди жогорулатууга, тике жана үзүрлүү диалогду түзүүгө өбөлгө түзөт».
Талкуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин калыптанышына, дүйнөлүк экономиканын алдында турган жана Евразия континентинде жана глобалдык масштабда интеграциялык процесстерге таасир тийгизген татаал чакырыктарды эске алуу менен, дүйнөлүк саясаттагы жана соодадагы заманбап тренддерге өзгөчө көңүл бурулду.
ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, Бирликтин эл аралык күн тартиби жагынан алганда, 2018-жыл үзүрлүү жыл болду. Кытай менен Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга жана Иран менен эркин соода зонасын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашууга кол коюлду. «Сингапур жана Сербия менен эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө абдан жакын турабыз, Египет жана Израиль менен сүйлөшүүлөр боюнча активдүү алга жылуудабыз, – деди Вероника Никишина. – Эми биз экспортубуздун өсүшүн укуктук кепилдиктер менен камсыз кылышыбыз жана өз кызыкчылыктарыбызды укуктук механизмдер аркылуу коргошубуз зарыл».

Ошондой эле, талкууда Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий жана Россиянын ТИМинин Жаш дипломаттар кеңешинин төрагасы Константин Колпаков катышышты.