Sign In
ЕАЭБде электр энергиясын инновациялык топтогучтарды жана жогорку натыйжалуу айыл чарба техникасын өндүрүү тармагында пилоттук долбоорлор ишке ашырылат

ЕАЭБде электр энергиясын инновациялык топтогучтарды жана жогорку натыйжалуу айыл чарба техникасын өндүрүү тармагында пилоттук долбоорлор ишке ашырылат

10.07.19

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин отурумунда Бирликтин улуттук өнөр жай комплекстерин өнүктүрүү маселелерин жетектеген мамлекеттик органдарынын жетекчилери Евразиялык корпоративдик укук тутумун түзүүнү талкуулашты. Аталган иш чара 9-июлда Екатеринбургда болуп өттү.

«Бул артыкчылыктар реалдуулукка айланышы үчүн, бизге бул тармакта документ керек, бирок Бирликтин мыйзамдарында новеллаларды иштеп чыгуу так практикалык максатка ээ болушу жана экономиканын реалдуу секторунун сурамдарына таянышы зарыл», – деген пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин билдирди.

Талкуунун жыйынтыктары боюнча электр энергиясын инновациялык топтогучтарды жана жогорку натыйжалуу айыл чарба техникасынын үлгүлөрүн өндүрүү тармагында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

«Биз бүгүн ар кайсы колдонуу чөйрөлөрү үчүн суперконденсаторлорду, аккумуляторлорду иштеп чыгууну, жасоону жана өндүрүүнү сунуш кылдык. Бул идея бир добуштан колдоого алынды. Биз Евразиялык компаниянын түзүлүшү жөнүндө келиштик», ¬– деди Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров.

Тараптар мындан аркы иштин стратегиясын жана Бирликтин катышуучу өлкөлөрүнүн өнөр жай саясаттарын координациялоонун 2025-жылга чейинки перспективадагы багыттарын талкуулашты. Келечекте Бирликтин өнөр жай кооперациясынын иш-тажрыйбалык аспаптарын иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Атап айтканда, станок куруу боюнча Евразия инжиниринг борборунун ишин интенсификациялоо жана үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында биргелешкен өнөр жай зоналарын түзүү сунушталууда.

«Биз бири-бирибиз менен атаандашпашыбыз керек экендиги айкын. Эгер биздин өнөктөштөрүбүздүн кандайдыр мыкты компетенциялары болсо, биз аларды колдонуубуз зарыл. Эгерде товарлардын кандайдыр бир тобун чогуу өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, бул бардыгынан жакшы. Макулдашылган өнөр жай саясаты бизди өнөр жай кооперациясына алып келиши керек, – деди Казакстан Республикасынын өнөр жай жана инфраструктуралык өнүгүү министри Роман Скляр. – Эгер биз бул саясаттан четтесек, өнөр жай кооперациясын өнүктүрбөсөк, биздин өлкөлөрдүн ортосунда соода согуштары башталат, буга таптакыр жол коюуга болбойт. Бирлик жана соода согуштары – бул эки таптакыр башка түшүнүктөр».