Sign In
Камсыздоо секторунун санариптик трансформациясы ЕАЭБде рыноктун жаңы конъюнктурасынын түзүлүшүнө алып келет

Камсыздоо секторунун санариптик трансформациясы ЕАЭБде рыноктун жаңы конъюнктурасынын түзүлүшүнө алып келет

10.07.19

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Каржылык саясат департаментинин директору Арман Хачатрян «Камсыздоо рыногунун негизги чакырыктары» деп аталган тегерек столдо билдирди. Аталган иш чара Санкт-Петербургда Россия Банкынын колдоосунда Бүткүл Россиялык камсыздоочулар бирлиги тарабынан уюштурулган Камсыздоо боюнча эл аралык конференциянын (Russian Insurance Summit) алкагында болуп өттү.

«Евразия экономикалык бирлиги мыйзамдарды шайкеш келтирүү, лицензияларды өз ара таануу, ишмердикти кошумча уюштуруусуз ишке ашыруу жана компетенттүү органдардын административдик кызматташтыгын уюштуруу аркылуу камсыздоо секторун баскычтар боюнча либералдаштырууну жүргүзөт. Жөнгө салуучу жана технологиялык драйверлер, масштабды, атаандаштыкты, камсыздоо инфраструктурасын, өнүмдөрдү жана сатуу каналдарын эске алуу менен, Бирликтин жаңы өсүү чекиттерин стимулдаштырышы мүмкүн. Бул акча каражаттарын инвестициялоо процессине калкты тартуунун натыйжалуу тутумун жана механизмдерин кошумча түзүүгө жана секьюритизация аркылуу баалуу кагаздар рыногун стимулдаштырууга мүмкүндүк берет», ¬– деп Арман Хачатрян баса белгиледи.
ЕЭКтин Каржылык саясат департаментинин директору белгилеп өткөндөй, камсыздоо секторунун санариптик трансформациясы акырындык менен рыноктун жаңы конъюнктурасынын түзүлүшүнө, ошондой эле фирмалардын айлана чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнө ийкемделүүсүнө жана бизнес-моделдердин трансформациясына алып келет.
Тегерек столдун катышуучулары камсыздоо тармагындагы негизги көйгөйлөрдү жана актуалдуу маселелерди: камсыздоо рыногун өнүктүрүү стратегияларын, стратегиялык жана монополияга каршы жөнгө салууну, эл аралык камсыздоо стандарттарын, камсыздоо тармагына ишенимди жогорулатуунун аспаптарын, каржылык талаштарды жөнгө салуунун перспективаларын, санариптик трансформацияны жана камсыздоо рыногу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү, электрондук коммерцияны жана камсыздоо сервистерин талкуулашты.

Талкууда Россия Банкынын, Бүткүл Россиялык камсыздоочулар бирлигинин, чет элдик камсыздоо бирликтеринин, камсыздоочулар ассоциацияларынын жана бирикмелеринин, чет элдик ири камсыздоо жана кайра камсыздоо компанияларынын өкүлдөрү, ошондой эле камсыздоо жана каржылык технологиялар тармагындагы эл аралык эксперттер катышышты.