Sign In
ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын инновациялык өнүктүрүү үчүн ЮНИДОнун билимдерин жана тажрыйбасын колдонууну пландаштырууда

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын инновациялык өнүктүрүү үчүн ЮНИДОнун билимдерин жана тажрыйбасын колдонууну пландаштырууда

164A9574.jpg
10.07.19

«Жогорку технологиялуу жана илим сыйымдуу компетенциялардын концентрациясы дал өнөр жайда орун алууда. Өнөр жай кооперациясын мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү токтотууну жогорулатуу активдерди бириктирүү жана Евразиялык улуттар аралык компанияларды түзүүнүн алкагында мүмкүн болот», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин Өндүрүш жана индустриалдаштыруу боюнча глобалдык саммитте (GMIS – 2019) сөз сүйлөп жатып билдирди.

ЕЭК өкүлү Бирликтин экономикасынын реалдуу секторунун глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө жетишүү жолунда Евразия экономикалык бирлигинин алдында турган чакырыктар тууралуу айтып берди.
«Заманбап дүйнө – катаал атаандаштык дүйнөсү. Буга Русал жана «Группа ГАЗ» сыяктуу биздин ири ата мекендик компаниялар гана эмес, чет элдик да компаниялар, мисалы, Huawei жакшы мисал боло алат. Бул экономикалардын атаандаштыгын гана күбөлөндүрбөйт – болочок дүйнөлүк түзүмдүн долбоорлорунун ортосунда теңтайлашуу жүрүп жатат», ¬¬– деди Александр Субботин.
ЕЭК министри ИННОПРОМ – 2019 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн ишине катышты. Александр Субботин баса белгилеп өткөндөй, «көргөзмөдө көрсөтүлгөн ишканалар компетенциянын борбору болуп саналат, анын ичинде инновациялык тармактарда, машина куруу продукциясынын толук спектрин өндүрүү боюнча: себилдегичтерден баштап даяр техникага чейин».
Көргөзмөнүн алкагында ЕЭК министри Беларусь Республикасынын Өнөр жай министрлигинин стендинин салтанаттуу ачылышында катышты. Александр Субботин көрсөтүлгөн үлгүлөрдүн жогорку атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, ЕАЭБдин ички рыногунда да, тышкы экспорттук рыноктордо да аларга болгон суроо-талаптын жогору экендигин белгиледи.
ИННОПРОМдун тааласында Александр Субботин ЮНИДОнун генералдык директору Ли Юн менен жолугушту.

Тараптар өнөр жайды өнүктүрүүнүн туруктуулугун жогорулатуу жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жайлык жана техникалык кооперацияны тереңдетүү тапшырмаларын чечүү үчүн ЮНИДО менен өз ара аракеттенүүнүн практикалык маселелерин талкуулашты.

Александр Субботин мурда түзүлгөн келишкендиктерди ишке ашыруунун аралык жыйынтыктарын чыгарды, ошондой эле ЕЭК жана ЮНИДОнун мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыгынын багыттарын чагылдырган «жол картасын» түзүүнү сунуштады.
«ЮНИДОнун бай тажрыйбасы жана бедели биз үчүн практикалык кызыкчылыкка ээ, жана биз бүткүл дүйнөдө белгилүү болгон бул уюмдун билимдерин жана тажрыйбасын биздин өлкөлөрдүн экономикаларын инновациялык өнүктүрүү үчүн пайдаланууну каалар элек», – деди Александр Субботин.