2020-жылдын башында пайда болгон COVID-19 коронавирусунун пандемиясы чийки зат рынокторундагы баалардын кескин төмөндөшү жана каржылык туруксуздашуу менен айкалышта глобалдык экономикалык чөйрөнүн да, ЕАЭБдеги макроэкономикалык жагдайдын да өзгөрүшүнө алып келди. Ошондой болсо да, талдамалык баяндамада келтирилген баалоолор, корутундулар жана сунуштамалар учурдагы жагдайда да өзүнүн актуалдуулугун сактоодо. Алар улуттук деңгээлде да, Бирликтин деңгээлинде да кабыл алынып жаткан кризиске каршы чаралардын пакети менен чогуу колдунулушу мүмкүн.
Атап айтканда, экономикалык жүгүртүүдө катышпаган ресурстарды колдонууну кеңейтүү, анын ичинде өндүрүш кубаттуулуктарын жүктөө боюнча сунуштамалардын ишке ашырылышы ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларынын өнүгүшүнө олуттуу түрткү бериши мүмкүн. Бул багыттын ишке ашырылышын колдоо үчүн, инвестицияларды насыялоо жана өндүрүштүк ишканалардын жүгүртүүдөгү каражаттарын атайын инвестициялык контракттар боюнча толуктоо максатында улуттук (борбордук) банктар тарабынан коммерциялык банктарды кайра каржылоонун атайын аспаптарынын колдонулушу, ошондой эле өнүгүү институттарын фонддоо; биргелешкен максаттуу программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу; өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүү сыяктуу чаралар, ошондой эле Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоору менен каралган башка чаралар жана механизмдер колдонулушу мүмкүн.
Бул глобалдык кризистин терс кесепеттерин жумшартууга гана эмес, ЕАЭБдин экономикаларынын тез калыбына келиши жана анын өнүгүү максаттарына жетүү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.