Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү чек ара аралык интернет-сооданы комплекстүү жөнгө салуунун эрежелерин даярдашууда

ЕАЭБ өлкөлөрү чек ара аралык интернет-сооданы комплекстүү жөнгө салуунун эрежелерин даярдашууда

10.04.20
Өкмөттөр аралык кеңеш 10-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте ЕАЭБдин эл аралык электрондук соода жаатындагы укугуна өзгөртүүлөр жөнүндө актыны даярдоону тапшырды. Мааниси боюнча, алдыда бул чөйрөдөгү комплекстүү укуктук жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү милдети турат.

Кеп чет элдик интернет-аянтчаларда сатып алынган жана жеке жактардын жана юридикалык жактардын атына алып келинип жаткан товарларды өзүнчө категорияга бөлүп чыгаруу жана аларга карата бир катар өзгөчөлүктөрдү орнотуу тууралуу болууда. Алар мындай товарларга карата атайын бажылык тескөө-башкарууну, бажы алымдарын жана салыктарды, тарифтик эмес, техникалык жана башка жөнгө салууну колдонуу менен байланыштуу. Бирликте электрондук соода операторунун институтун киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Мисалы, мындай институтту киргизүүнүн негизги максаттарынын катарында жеңилдетилген жана ыңгайлуу бажылык тескөө-башкаруу айтылат. Башкача айтканда, бажы органдары "бирдиктүү терезе" режиминде – көптөгөн жеке жактар жана компаниялар менен эмес, алуучулардын атынан декларация берүүгө, бажы алымдарын жана салыктарды төлөөгө, декларацияланып жаткан товарлар үчүн жоопкерчиликти алууга укуктуу болгон бир же, балким, бир нече ыйгарым укуктуу жактар менен иштей алышат.

Белгилей кетсек, Бирликтин мамлекеттеринин өкүлдөрү азырынча бир катар негизги маселелер боюнча макулдашылган пикирге келише элек. Бул маселенин майда-чүйдөсүн – электрондук сооданы укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле товарларды алымсыз алып келүүнүн чектерин талкуулоону татаалдантууда. Атап айтканда, интернет-дүкөндөрдө сатып алынган товарларды жеке жактардын ортосунда жиберилүүчү жөнөкөй жөнөтүүлөрдөн бөлүүнүн конкреттүү критерийлерин аныктоо талап кылынуууда.

Тышкы сооданын салттуу схемасы товар агымдарын бириктирүүнүн эсебинен товарлардын бажы чек арасы аркылуу өтүшүн, алардын бажы наркын жана салыктык төлөмдөрдү, тарифтик эмес жөнгө салуу чараларынын аткарылышын жана, албетте, алып келинип жаткан товарларды сертификаттоону тартипке келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Ал эми интернет-соода сатып алуучу товарларды интернет-аянтчанын жардамында тандайт жана аларды чет элдик өндүрүүчүдөн сатып алат дегенди түшүндүрөт. Натыйжада жеткирүүлөрдүн салттуу чынжырлары бузулат – дүң сатуучулар жана сатып алуучулар жок, ал эми миллиондогон аяккы сатып алуучулар – жеке жана юридикалык жактар – миллиондогон өндүрүүчүлөр менен өз ара аракеттенишет.

Бир нече жыл мурда эле бул мындай массалык мүнөздөгү көрүнүш эмес болчу, андыктан учурдагы бажы эрежелерине – тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын аткаруусуз, жеке жактар үчүн алымсыз чектердин алкагында жол-жоболоштуруунун жеңилдетилген тартибине туура келчү.

Бүгүнкү күндө электрондук соода ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн шексиз артыкчылыктардан сырткары, айкын терс таасирлерге алып келүүчү көлөмдөргө жетти. Атап айтканда, ар түрдүү чөйрөлөрдөгү коомдук кызыкчылыктарга коркунуч пайда болду: кадимки сооданын кыскарышынынан улам салык салынуучу база кыскарууда; кирешенин борборлору соода интернет-дүкөндөрүнүн башкы компаниялары катталган өлкөлөргө кетүүдө; дүкөндөр жабылып, жумуш орундары жоюлууда; алымсыз алып келинип жаткан продукция Бирликте өндүрүлгөн товарлар менен атаандаштыкта нысапсыз артыкчылыктарга ээ болууда; сертификаттоонун жана башка чектөөлөрдүн жоктугунан улам жарандардын коопсуздугуна жана саламаттыгына коркунучтар акырындык менен көбөйүүдө.

Ошентип, тышкы сооданын жаңы сегменти жаңы, комплекстүү укуктук жөнгө салууга муктаж болууда.

Тийиштүү мезанизмдерди түзүү үчүн Өкмөттөр аралык кеңеш Евразия экономикалык комиссиясына ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөрү менен биргеликте чек ара аралык соода маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топту түзүүнү тапшырды. Аны ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв жетектемекчи.​