Sign In
Өкмөттөр аралык кеңеш Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын карап чыкты

Өкмөттөр аралык кеңеш Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын карап чыкты

10.04.20
Макулдашылбаган маселелерди Өкмөттөр аралык кеңеш 23-апрелде карап чыкмакчы, андан кийин документ 19-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешине бекитүү үчүн көрсөтүлөт.
"Стратегия жалпысынан жактырылды, бизде бир нече маселе калды. Алардын бири автомобилдик ташууларды либералдаштырууга тиешелүү, бул Армения үчүн, Беларусь үчүн өтө маанилүү. Жакынкы эки жуманын ичинде аталган маселелерди жөнгө салууга карата мамилелерди табуу үчүн, жана бул формулировканы стратегияга жазуу үчүн жогорку деңгээлдеги топторду түзүү жөнүндө келиштик. Азырынча макулдашыла элек экинчи багыт – газды транспорттоого карата бааларга жана тарифтерге тиешелүү", – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыктары боюнча журналисттерге билдирди.
Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары 326 чараны жана механизмдерди камтыйт, алар ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын жоболорун ачып көрсөтөт. Документ Бирлик жөнүндө келишимде белгиленген максаттарга жана милдеттерге жетүүгө гана жардам бербестен, аны экономикалык интеграциянын жаңы формалары жана чөйрөлөрү менен толуктоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Стратегиялык багыттардын долбоорунун кем жерлерин иштеп чыгуу Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылдын 31-январындагы тапшырмасы боюнча ишке ашырылууда. Аталган мезгилдин ичинде ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин блогу тарабынан ЕЭК Кеңешинин 4 кеңешмеси жана жумушчу топтун 5 отуруму өткөрүлдү.​