Sign In
Өкмөттөр аралык кеңеш кризиске каршы ыкчам стабилдештирүүчү чараларды жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча чараларды бекитти

Өкмөттөр аралык кеңеш кризиске каршы ыкчам стабилдештирүүчү чараларды жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча чараларды бекитти

10.04.20
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү 10-апрелде Евразия экономикалык бирлигинде COVID-19 пандемиясынын шарттарында калктын турмуштук маанилүү муктаждыктарын камсыз кылуу, өз ара сооданы, товарлардын эркин кыймылын колдоо жана кийинки экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралардын пакетин кабыл алышты.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович баса белгилеп өткөндөй, Комиссия иш-аракеттерин күнүмдүк пайда болуучу орчундуу маселелерди жөнгө салууга багыттоо менен, өзүнүн ишмердигинин тартибин өзгөрттү. Чаралардын комплекси мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү менен биргеликте иштелип чыккан.

"Сунушталган чаралар эки бөлүккө топтоштурулган. Биринчи бөлүк – бул стабилдештирүүчү мүнөздөгү ыкчам чаралардын пакети, анда азык-түлүк рыногунун балансталышы, биринчи кезекте керек болуучу товаларды жеткирүүлөрдү ыкчам уюштуруу маселелери боюнча консультацияларды өткөрүү аркылуу коронавирустук инфекциянын таралышынын алдын алуу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды өткөрүүдө тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу каралган", – деп белгиледи Михаил Мясникович.

Ошондой эле, ыкчам чаралардын блогуна критикалык мааниге ээ болгон товардарды жеткирүүлөр үчүн "жашыл коридорду" түзүү кирет. Бул алып келүү бажы алымдарын убактылуу жоюуну, бажылык жол-жоболорду жеңилдетүүнү, анын ичинде аларга карата декларацияларды автоматтык түрдө каттоону, пандемиянын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу үчүн зарыл болгон товарларга карата бажылык операцияларды биринчи кезекте аткарууну караштырат.

Чаралардын биринчи блогунда – критикалык мааниге ээ болгон товарларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого бирдиктүү убактылуу чектөөлөрдү киргизүү; коронавирустук инфекциянын таралышына таасирденүү зарылчылыгына байланыштуу убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө улуттук укуктук актылардын долбоорлору боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн вице-премьер-министрлеринин – Комиссиянын Кеңешинин мүчөлөрүнүн деңгээлинде консультацияларды ыкчам өткөрүү; техникалык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын консультациялары; айрым тармактардын социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен, алар үчүн себилдегичтерге жана материалдарга карата алып келүү бажы алымдарын убактылуу төмөндөтүү же жоюу ж.б.

Вируска каршы препараттарды жана вакциналарды жаратуу, алардын массалык өндүрүшүн жолго салуу боюнча биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу зарылчылыгы өзгөчө айтылууда. Ошондой эле, калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын сактоо боюнча талаптарды эске алуу менен, Бирликтин алкагында жана транзит максатында транспорттун жана жүк ташуулардын үзгүлтүксүз иши маанилүү.
"Экинчи бөлүк – бул тутумдук мүнөздөгү чаралар, алар экономиканы калыбына келтирүү жана андан аркы экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Ага макроэкономикалык стабилдүүлүктү, каржы рынокторунун жана төлөм тутумдарынын ишинин туруктуулугун камсыз кылуу, экономиканын реалдуу секторунун ишканаларын колдоо, биздин регионалдык каржылык институттардын экономикаларды колдоо процессине бир кыйла активдүү катышуусу кирет", – деп баса белгиледи Михаил Мясникович.

Ошондой эле, иш-чаралардын бул блогуна сооданы санариптештирүүнү өнүктүрүү, анын ичинде товарды коштоочу электрондук документтердин колдонулушун кеңейтүү, логистика операторлорунун өз ара аракеттенүүсүн санариптештирүү, электрондук санариптик колтамганын, импорттук, экспорттук жана транзиттик товарлар үчүн автоматтык каттоо жана чыгаруу технологияларынын колдонулушун кеңейтүү кирет.
 
Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда учурдагы жагдайда Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунда каралган, медициналык жана биоинженердик технологиялар чөйрөсүндөгү биргелешкен программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга токтоосуз киришүү, биологиялык коопсуздуктун концепциясын иштеп чыгуу максатка ылайыктуу экендиги белгиленди.