Sign In
«Digital Almaty 2021» форумунда ЕАЭБдин санарип күн тартибинин алкагындагы долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу талкууланды

«Digital Almaty 2021» форумунда ЕАЭБдин санарип күн тартибинин алкагындагы долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу талкууланды

Фото_Общее.jpg
10.02.21

Евразия экономикалык бирлигинин 2025-жылга чейинки Стратегиясына бир катар санарип демилгелер жана долбоорлор киргизилген. Учурда аларды калыптандыруу жана ишке ашыруу процесси жүрүп жатат. «Digital Almaty 2021» санарип форумунун алкагында "ЕАЭБдин санарип күн тартибинин алкагында долбоорлорду жана демилгелерди жүзөгө ашыруу" панелдик сессиясында артыкчылыктуу иштерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө талкууланды. Дискуссиянын модератору Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын жардамчысы, демилгелерди башкаруу кеңсесинин өкүлү Мирлан Омуралиев болду.

Санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасына карай жол

"ЕАЭБдин санариптик транспорттук коридорлорунун экосистемасынын сервистерин жана санарип инфраструктурасын ишке ашыруу механизмдери" тегерек столунда Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү ЕАЭБдин санариптик транспорттук коридорлорунун экосистемасын мындан ары калыптандырууну талкуулашты.

Мирлан Омуралиев белгилегендей, учурда санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын түзүү максатында ишке ашырылуучу сервистердин жана санариптик инфраструктуранын тизмеги бекитилди. Кийинки кадам аларды ишке ашыруунун механизмдерин аныктоо болмокчу.

Санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасы - логистикалык маалыматтарды алмашуунун, анын ичинде санариптик платформаларды жана маалыматтык тутумдарды камтыган ачык санариптик чөйрө болуп саналат, алардын ээлери жана операторлору бизнес жана мамлекеттик органдар болушу мүмкүн. Аталган экотутум транспорт каражаттары, экипаждар, жүктөр, ташуунун бардык баскычтарындагы уруксат берүүчү жана коштоочу документтер, технологиялык операциялар жөнүндө маалыматтарды интеграциялайт.

Армения Республикасынын Аймактык башкаруу жана инфраструктура министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн ЕАЭБ бөлүмүнүн башчысы Виолетта Агаджаняндын пикири боюнча, СТК экосистемасынын сервистерин жана санариптик инфраструктурасын жүзөгө ашыруунун механизмдерине киргизилиши керек болгон негизги принциптердин бири универсалдуулук жана жеткиликтүүлүк болушу зарыл.


«Универсалдуулук принциби долбоорго киргизилген технологиялар кийин Бирликтин коридорлору боюнча же ЕАЭБ аркылуу эл аралык ташууларды жүргүзгөн транспорттун бардык түрлөрү үчүн колдонууга боло тургандыгында. Ошол эле учурда, долбоордун санариптик сервистери ЕАЭБдеги эл аралык каттамдар аркылуу жүзөгө ашырылган эл аралык ташуулардын бардык катышуучулары үчүн жеткиликтүү болушу керек, - деп белгиледи Виолетта Агаджанян. - Дагы бир принцип катары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда да, үчүнчү өлкөлөр менен да сервистердин интеграциялуулугун белгилөө керек, анткени Армениянын Бирликтин мүчө мамлекеттеринин эч бири менен түздөн-түз кургак чек арасы жок".

 

Беларусь Республикасынын Байланыш жана маалыматташтыруу министрлигинин "Колдонмо программалык тутумдар институту" ИИРУИ директору Игорь Михайловскийдин пикири боюнча, негизги принциптердин катарына зарыл санариптик инфраструктураны түзүү принцибин, бир түрдүү сервистердин өз ара иштешүү принцибин, ошондой эле түзүмдөштүрүлгөн маалыматтар жана электрондук документтер менен кроссчек ара аралык маалымат алмашуу үчүн эл аралык стандарттарды колдонуу принцибин киргизүүгө болот. Мындан тышкары, транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда толук масштабдуу жүзөгө ашыруудан мурда, коюлган технологиялык концепцияларды жана чечимдерди тестирлөө үчүн инфраструктуранын негизги элементтерин жана СТК экосистемасынын базалык сервистерин этап-этабы менен сыноо принциби жөнүндө сөз кылуу керек.

Казакстанда жүзөгө ашырылып жаткан транспорттук жана логистикалык чөйрөдөгү бардык санариптик долбоорлор Бирликтин санариптик транспорттук коридорлорунун экосистемасы менен мындан ары интеграциялана турган транспорттук-коммуникациялык комплекстин бирдиктүү экосистемасын түзөт, бул ЕАЭБдин эл аралык транспорттук коридорлорунун жогору өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жана транзиттик жагымдуулукту камсыз кылат.

“Бирликтин СТК экосистемасынын сервистерин жана санариптик инфраструктурасын ишке ашыруу мүчө мамлекеттердин санариптик көзкарандысыздыгын сактоо принциптерине негизделиши керек, өз ара аракеттенүү жогорку деңгээлде болушу керек, бирок ошол эле учурда улуттук мыйзамдарга каршы келбеши зарыл, анын ичинде мыйзам менен корголгон маалыматтарды коргоо тармагында, - деп эсептейт Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин Транспорт комитетинин төрагасынын орун басары Данияр Коспабаев.

 

Ошондой эле, ал Бирликтин ички чек арасынан өтүүнү тездетүү жана көзөмөлдөө иш-чараларынын ачыктыгын камсыз кылуу максатында, ЕАЭБдин ички контуруна санариптик сервистерди киргизүү сунушталып жаткандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин санарип күн тартибинин алкагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн иштеп жаткан механизмдердин концептуалдык негиздерин колдонууну сунуштайт.

«Механизмдерди тандоодо, долбоорду ишке ашыруунун мамлекет ичиндеги логикасын аныктоо керек. Санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасынын архитектурасы Бирлик өлкөлөрүнүн транспорт жана санариптик экономиканын өнүгүшүнө жооптуу мамлекеттик бийлик органдары, логистикалык ассоциациялар, IT кызмат көрсөтүүчүлөр жана логистикалык кызмат көрсөтүүчүлөр биргелешип курулушу керектигин эске алуу максатка ылайыктуу, ошондой эле иш-аракеттерди синхрондоштуруу, ошондой эле улуттук системалардын иштеп жаткан чечимдеринин өз ара байланышын уюштуруу зарыл. Ошол эле учурда, долбоор улуттук маалыматтардын көзкарандысыздыгынын принцибине негизделиши керек", - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту бөлүмүнүн башчысы Адылбек Акматов.

 

Ошондой эле, механизмдерди тандоодо төмөнкү суроолорго жооп берүү керек: мамлекеттик сервистерди жүзөгө ашырууга ким жооп берет, мамлекеттик же мамлекеттик-жеке платформаларды кимдер түзөт, долбоордун кайсы бөлүгү Бирлик тарабынан каржыланат жана кайсы бөлүгү - өлкөлөрдүн бюджети тарабынан каржыланат.

 

"Санарип технологиялар бүгүнкү күндө транспорттук кызматтарды санариптештирүүгө акырындык менен өтүү жана улуттук кызматтардын функционалдуулугун тынымсыз жогорулатуу үчүн эң ылайыктуу ландшафтты түзүүгө мүмкүндүк берет", - деди Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин Санариптик трансформация департаментинин Санариптик транспорттук логистика жана интеллектуалдык транспорттук тутумдар департаментинин консультанты Мария Мигур.

 

Ал белгилеп өткөндөй, Россияда "Санарип экономикасы" улуттук программасынын алкагында, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда документ жүгүртүүнү санариптештирүү боюнча комплекстик сервисти - "супер сервисти" түзүү боюнча реалдуу иштер башталды. Бүгүнкү күндө кагазсыз документ жүгүртүү платформасынын прототиби, ташуулардын катышуучуларынын өз ара иштешүү тартибинин долбоору жана бир катар документтер боюнча (транспорттук коштомо кагаз, жол барагы, ири көлөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташууга атайын уруксат кагаздары) маалыматтарды алмашуунун форматы иштелип чыгарылган.

 

"Өткөн жылы биз өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте улуттук сервистердин маалыматтык-коммуникациялык "витринасын" түзүү боюнча долбоорду талкуулай баштадык. Биздин көз карашыбыз боюнча, мындай куралдын түзүлүшү ЕАЭБдин аймагындагы ташуулардын катышуучулары менен көзөмөлдөөчү органдардын ортосундагы санариптик байланыштын уникалдуу механизмдерин иштеп чыгууда олуттуу жардам болот”, - деди Россиянын Транспорт министрлигинин өкүлү.

 

Техникалык жөнгө салууну санариптештирүү

 Панелдик сессиянын алкагында ошондой эле "ЕАЭБдин алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоору сунушталды. Долбоор Бирликтин техникалык жөнгө салуу тутумун санариптик трансформациялоого, анын ичинде реинжинирингге жана процесстерди  санариптештирүүгө, рыноктун бардык катышуучуларынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган: Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрүнүн, экспорттоочуларынын, импорттоочуларынын, жеткирүүчүлөрүнүн, керектөөчүлөрүнүн, шайкештикти баалоо боюнча органдарынын, мамлекеттик органдарынын.

"Долбоор абдан керектүү учурда башталды, азыр техникалык жөнгө салуу тутуму өзгөчө санарип технологияларын колдонууну жана негизги процесстерди санариптештирүүнү талап кылган учур. Долбоордун алкагында техникалык жөнгө салуунун так идентификацияланган объектилерине карата колдонуучуларга керектүү дайындарды жана маалыматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле долбоорлоо, продукцияны өндүрүү жана рынокко чыгаруу процесстерин санариптештирүүнү камсыздоо үчүн зарыл дайындарды жана санариптик сервистерге жеткиликти берүү камсыздалат", - деп баса белгиледи ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Тимур Нурашев.

 

Ошондой эле, долбоорду ишке ашыруу Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү үчүн келечектүү мааниге ээ - бирдиктүү талаптарды мүмкүн болушунча эртерээк орнотуу соодадагы бир катар тоскоолдуктарды жоюу боюнча натыйжалуу чаралардын бири болуп саналат.

Аны ишке ашыруунун натыйжасында, рыноктун бардык катышуучуларына керектүү дайындар жана долбоорлоо, продукцияны өндүрүү жана рынокко чыгаруу процесстеринин санариптештирилишин камсыздоо үчүн санариптик сервистерге жеткилик берилет.

Мирлан Омуралиев белгилеп өткөндөй, долбоор демилгелерди башкаруу кеңсеси тарабынан маалыматташтыруу жана техникалык жөнгө салуу блоктору менен биргеликте, ошондой эле мүчө мамлекеттердин кызыкдар болгон органдарынын жана уюмдарынын активдүү катышуусунда иштелип чыккан. Долбоордун демилгечиси "Эл аралык соода жана интеграция" изилдөө борбору болгон

Жумуш издөө жана персоналды тандоо тутуму

"Чек арасыз жумуш" унификацияланган издөө тутуму" долбоорун жүзөгө ашыруунун жүрүшү туурасында презентацияны ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын жардамчысы, санариптик демилгелерди башкаруу кеңсесинин өкүлү Айнур Жетписова жана "БФТ" ЖЧКнын стратегиялык иштеп чыгуулар департаментинин бизнес-анализ башкармалыгынын жетекчиси Илья Моисеев сунушташты.

Долбоордун негизги максаты - Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жумушка орношуу жана жумуш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маалыматтык тутумдарында камтылган бош жумуш орундары жана жумуш издөөчүлөр жөнүндө маалыматка жетүү үчүн издөө тутумун түзүү. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында тутумдун колдонуучуларына (Бирликтин жумуш издөөчүлөрүнө жана жумуш берүүчүлөрүнө) аймактарында жумуш издөө же персоналды тандоо талап кылынган бир же бир нече мүчө мамлекеттерди тандап алуу, улуттук маалымат тутумдарына универсалдуу издөө сурамын түзүү, бош орундар жана резюмелер жөнүндө маалыматка жеткилик алуу, ошондой эле интерактивдүү өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Долбоор ЕАЭБдин санарип күн тартибинин алкагында, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жарандарын жумушка орноштуруу жана жумуш менен камсыздоо үчүн санариптик экосистеманы түзүү бөлүгүндө ишке ашырылды.

Системаны ишке ашыруунун натыйжасында Бирликтин эмгек рынокторунун өз ара аракеттенүүсү кеңейүүдө. Алсак, Бирликтин жарандары үчүн өзүнүн өлкөсүндө да, "бешилтиктин" өлкөлөрүндө да жумушка орношуу үчүн; жумуш берүүчүлөр үчүн – персоналды издөө үчүн аянтчалардын тизмегин кеңейтүү үчүн; мүчө мамлекеттер үчүн – ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү үчүн заманбап жана натыйжалуу санариптик аспаптарды киргизүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

"Чек арасыз жумуш" долбоорунда ЕАЭБдин катышуучу-өлкөлөрүнөн төмөнкүдөй тутумдар камтышууда: Армения Республикасынан - "Горц" жумуш издөө жана персоналды тандоо боюнча маалымат тутуму, Беларусь Республикасынан - мамлекеттик жумуш менен камсыз кылуу маалыматтык порталы, Казакстан Республикасынан - "Жумуш" маалымат порталы - Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин электрондук эмгек биржасы, Кыргыз Республикасынан - Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эмгек рыногу маалымат тутумунун "Иш менен камсыз кылуу" маалымат порталы, Россия Федерациясынан - маалыматтык аналитикалык тутум, "Россияда жумуш" вакансиялардын жалпы россиялык маалымат базасы.

Долбоорго катышкан мамлекеттердин маалыматтык тутумдары унификацияланган издөө интерфейси аркылуу өз ара аракеттенишет.

«Чек арасыз жумуш» долбоорунун өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп анда маалымат базаларын бириктирбестен, бөлүштүрүлгөн архитектуранын колдонулушу эсептелет. Бул бош жумуш орундары жана резюмелер боюнча маалыматка керектүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылган технологияны колдонуу менен жетишилет, жана эң негизгиси - жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамды сактоого мүмкүндүк берет, анткени маалыматты трансчек аралык өткөрүү жана сактоо жүргүзүлбөйт.

Жалпысынан долбоор төрт этаптан турган: 1-этап "мобилизациялоо", 2-этап - "синхрондоштуруу", 3-этап - "иштеп чыгуу жана ишке киргизүү", 4-этап - "көзөмөлдөө жана иштеп чыгуу".

Долбоор боюнча бардык иштер жана иш-чаралар 2020-жылдын декабрь айында аяктаган. Пандемияга байланыштуу оор кырдаалга карабастан, долбоор өз убагында ишке ашырылды. Атап айтканда, ал ишке киргизилген учурдан тарта бардык уюштуруу иш-чаралары аяктады, стандарттуу программалык камсыздоо түзүлдү, Бирликтин беш өлкөсүндө тең интеграциялоо иштери жүргүзүлдү, тестирлөөнүн бардык түрлөрү жүргүзүлүп, система бардык улуттук компоненттердин катышуусу менен сыноодон өткөрүлдү. Программалык камсыздоо толугу менен ишке жөндөмдүү жана өндүрүштүк пайдаланууга киргизилүүгө даяр.

"Азыркы учурда стандарттуу программалык камсыздоону жана" Чек арасыз жумуш" API методдорун өлкөлөргө өткөрүп берүүнүн юридикалык жол-жоболоштурулуусу аяктап жатат, жакынкы убакта Бирликтин бардык өлкөлөрүндө "Чек арасыз жумуш" тутуму өндүрүштүк пайдаланууга киргизилет", - деди Айнур Жетписова.

 

Белгилей кетсек, "Чек арасыз жумуш" унификацияланган  издөө тутуму" долбоору ЕАЭБдин санарип күн тартибинин алкагында, Евразия экономикалык комиссиясынын санарип демилгелерди башкаруу бюросу тарабынан ишке ашырылып жаткан биринчи долбоор болуп саналат.​