Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын
Төрагасы Михаил Мясникович Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей
Лавровду Дипломатия кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
"Бүгүн сиздин өзгөчө дипломатиялык талантыңызды,
эл аралык аренадагы кебелбес кадыр-баркыңызды, тынчтыкты сактоо, туруктуулукту
чыңдоо жана кеңири евразиялык интеграция идеясын жайылтуу үчүн жан дилиңиз
менен иштөөгө даяр экениңизди белгилөө өзгөчө жагымдуу", - деп айтылат
куттуктоодо.
Михаил Мясникович Сергей
Лавровго жана Россиянын тышкы саясий кызматынын бардык кызматкерлерине жаңы
кесиптик ийгиликтерди, чың ден-соолук жана бакубат жашоо каалады.