Sign In
Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуусу

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуусу

10.02.16

Евразия экономикалык биримдиги жарандардын жыргалчылыгы үчүн экономиканы өнүктүрүүнүн туруктуу шарттарын жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү маанилүү интеграциялык бирикме болуп саналат. 

Биз Евразия экономикалык биримдигин  Европа менен жаңы өсүп келе жаткан Азиянын отосунда дүйнөлүк экономика системасына ишенимдүү көпүрө катары интеграцияланган ачык экономикалык коомчулук катары эсептейбиз.

Дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн басаңдоо жагдайында биздин мамлекеттердин экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн жалпы рыногун түзүү аракеттери экономикаларды өнүктүрүү жана диверсификациялоонун негизги булактары боло алат. Негизги өнөктөштөр жана өсүп келе жаткан рыноктор менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү Евразия экономикалык биримдигинин бүткүл континенттеги ролун жогорулатууга түрткү болууга тийиш.

Мында Евразия экономикалык биримдигинин жана Жибек жолунун Экономикалык байланышын куруу, Шанхай кызматташтык уюму жана Европа союзу менен кызматташууну тереңдетүү боюнча демилгелер негизги багыт болуп саналат. Буга байланыштуу, 2016-жыл келечекте узак мөөнөткө Биримдик менен Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн эркин соода аймагын түзүү иштеринин башталышы болууга тийиш.

Ошондуктан, 2016-жылды “Биримдиктин үчүнчү өлкөлөр менен жана негизги интеграциялык бирикмелер менен экономикалык мамилелерин тереңдетүү жылы” деп жарыялоону сунуш кыламын.

Биздин Өкмөттөр Комиссия менен тыгыз иш алып баруу аркылуу, негизги өнөктөштөрүбүз менен аталган маселелерди иштеп чыгып, бардыгыбыздын пайдабызга чечүүсү зарыл.

Биздин мамлекеттердин экономикасынын дүйнөлүк экономикада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөө, бизнес-климатты жакшыртуу жана инвестициялык өтүмдүүлүгүн жогорулатуу иштерин жүргүзүү зарылдыгына бекем ишенемин.

Бул багытта учурда талкууланып жаткан Биримдиктин Бажы кодексин бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү, тышкы экономикалык ишмердикке катышуучулар үчүн бажылык администрациялоо механизмдерин жөнөкөйлөтүү, ошондой эле экспорт-импорт операцияларында “бирдиктүү терезе” механизмдерин түзүү жана жайылтуу башкы мааниге ээ.

Андан тышкары, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине ылайык, Биримдикке кирген өлкөлөрдүн экономикасын диверсификациялоого көмөктөшүү максатында бажы-тарифтик жөнгө салуу инструменттерин пайдалануу да маанилүү болуп саналат.

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү маселелери боюнча өз ара иш алып барууну координациялоо актуалдуу деп эсептейбиз.

Өлкөлөрүбүздүн энергоресурстарын эркин алып өтүү, экспорттук потенциалын ишке ашыруу максатында, электроэнергия, мунай, мунайзаттары жана газ боюнча жалпы (орток) рынокту түзүү программаларын кабыл алууну жана ишке ашырууну сунуш кыламын.

 Казакстан Биримдик алкагында жалпы финансы рыногун түзүүгө өзгөчө маани берет.  Буга байланыштуу, 2016-жылы Биримдик өлкөлөрүнүн финансы чөйрөсү боюнча мыйзамдарды иретке келтирүүгө зарыл болгон укуктук негиздерди даярдоо зарыл деп эсептеймин.

Биримдиктин ишмердигинин негизги принциптеринен болгон өткөөл мезгилдер бүткөндөн кийин алып салууларсыз жана чектөөлөрсүз бирдиктүү рыноктун иштешин камсыз кылуу маанилүү болуп саналат. Үчүнчү өлкөлөргө карата Биримдикке мүчө мамлекеттер колдонгон кайсы гана чаралар болбосун, интеграция процессине катышкан башка катышуучуларга, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин аймагында товарларды эркин өткөрүү жагында терс таасирин тийгизбеши керек.

Казахстандын Биримдик органдарында төрагалык кылуу алкагында  биздин өлкөлөрдүн арасындагы экономикалык өз ара иш алып барууну жана тең укуктуу кызматташууну бекемдөөгө көмөк көрсөтүү ниетин билдирүү менен, Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөш өлкөлөрдүн Казакстан тараптын демилгелерин колдойт деп  ишенемин.

Биримдиктин ишинде белгиленген принциптердин ишке ашырылышы Биримдиктин мындан ары алга карай өнүгүшүнө катуу түрткү берет деп ишенемин.

 

Жогорку Евразия экономикалык биримдигинин Төрагасы

 

 Н. А. Назарбаев

Скачать обращение в формате pdf