Sign In
ЕЭКтин Коллегиясы ЕАЭБдин Комиссиясы менен Иш кеңешинин ортосунда түзүлгөн Өз ара иш алып баруу меморандумун колдоого алды.

ЕЭКтин Коллегиясы ЕАЭБдин Комиссиясы менен Иш кеңешинин ортосунда түзүлгөн Өз ара иш алып баруу меморандумун колдоого алды.

10.02.16

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 9-февралда болгон кезектеги отурумунда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги менен бизнес-коомчулук менен иш алып баруу, техникалык жөнгө салуу жана бажы кызматташтыгы боюнча маселелер каралды. 

ЕЭКтин Коллегия мүчөлөрү (Министрлер) Евразия экономикалык биримдиги менен ЕАЭБдин Иш кеңешинин ортосунда Өз ара иш алып баруу меморандумунун долбоорун колдоого алышты. 

Меморандум долбоорунда Биримдиктин натыйжалуу өнүгүшү үчүн ага кирген өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун кызыкчылыктарын эске алуусу зарылдыгы белгиленген. Анда бизнес-коомчулуктарынын ЕАЭБде ишкердик жүргүзүүгө тиешелүү маселелер боюнча   консолидацияланган позициясын калыптандыруунун максаттуулугу көрсөтүлгөн.

ЕАЭБ Комиссиясы менен Иш кеңешинин Биримдиктин өз ара иштешинин ченемдик укуктук базасын түзүүгө багытталган Иш кеңешинин сунуштарын карап көрүү, ЕАЭБ мамлекеттеринин ишкерлер коомчулугунун катышуусунда форумдарды өткөрүү сыяктуу негизги багыттар каралган.

Меморандум долбоору Биримдикке кирген төмөнкүдөй алдыңкы улуттук бизнес-ассоциациялар менен алдын-ала макулдашылган:
 Армениянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер (иш менен камсыз кылуучулар) союзу, Беларусь Республикасынын “Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер (жалдоочулар) конфедерациясы”, Казакстан Республикасынын улуттук “Атамекен” ишкерлер палатасы, Кыргыз өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзу, Россия өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзу.

 Меморандумду өз ара ишке ашыруу аракеттери Консультативдик кеңештин отурумдарынын алкагында жүргүзүлөт.   Консультативдик кеңеш Тараптардын өкүлдөрүнөн түзүлөт жана Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы аркылуу жетекчиликке алынат.  Консультативдик кеңештин отурумдары Тараптардын макулдашуусу менен жылына экиден кем эмес өткөрүлөт.

ЕЭК Комиссиянын ишинде ачык-айкындуулукка жетишүү жана өз ара пайда табуу жана тең укуктуулукту камсыз кылуу максатында, Евразия экономикалык биримдигинин бизнес-коомчулугу менен системалуу түрдө өз ара иш алып барат. Евразия экономикалык интеграциясы Биримдик өлкөлөрүндө бизнести натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жөнгө салуу системасын өркүндөтүү жана тоскоолдуктарды төмөндөтүүгө багытталган.

Комиссия  ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулугу менен Консультативдик комитет жана жумушчу топтор сыяктуу форматтарда иш алып барат.   2012-жылдын декабрынан 2015-жылдын май айына чейин ЕЭК жана Бизнес-диалогдун өз ара иш алып баруусу боюнча Консультативдик кеңеш иштеген. Бул чөйрөдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкердик бирикмелери менен бирдикте ЕАЭБдин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүүгө багытталган Биримдикти өнүктүрүү жана анын иштешине тиешелүү стратегиялык жана системалык маселелер талкууланган.

Консультативдик комитеттер жана жумушчу топтор ЕЭКтин бизнес-коомчулук менен системалуу ишинин алкагындагы бардык багыттар боюнча иш алып барышат.  Биримдикке кирген өлкөлөрдүн бардык улуттук бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрү көз карадысыз эксперттер катары Консультативдик комитеттин курамына киргизилген.

Ошентип, ЕЭКте бизнеске Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун талкуулоого катышуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү механизмдер түзүлгөн. Бир катар чечимдер ишкерлердин демилгеси менен кабыл алынат, ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин консолидацияланган позициясы мындай чечимдердин негизин түзөт.

Техникалык жактан жөнгө салуу чөйрөсүндө ЕЭК Коллегиясы Продутулардын (буюмдардын) тизмесине өзгөртүү киргизген, ал боюнча бажы декларациясын берүүдө ЕАЭБдин “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентинин талаптарына ылайык келүүсү тууралуу баа берилген документ талап кылынат. Аталган өзгөртүүлөр тышкы экономикалык ишкердиктин Бирдиктүү товардык номенклатурасына балдардын ходуноктору боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенинен байланыштуу жана Биримдик тууралуу келишимге ылайык киргизилген.  Балдардын ходуноктор жана ушул сыяктуу дөңгөлөктүү оюнчуктар “балдардын салмагын көтөрүп туруучу оюнчуктар” категориясына киргизилип, тиешелүү ТН ВЭД ЕАЭБ коддору коюлган.

Ошондой эле ЕАЭБ Коллегиясы муун арасына коюлуучу инплантаттарды классификациялоо чечимин кабыл алган. Алар муун ооруларында терапевттик жана профилактикалык максаттар үчүн пайдаланылат жана алар 3004 ТН ВЭД ЕАЭБ товардык белгиси менен бир жолу колдонулуучу арылтылып тазаланган шприцтерге салынган.

Маалымат үчүн

ЕАЭБдин Иш кеңеши 2015-жылы Биримдик өлкөлөрүнүн алдыңкы бизнес-ассоциасынын демилгеси менен, Беларусь-Казакстан-Россия бизнес-диалогунун базасында түзүлгөн. Биримдик мамлекеттеринин ишкердик чөйрөсүнүн туруктуу негизде иштеген координациялык-кеңешме органы болуп эсептелет. Анын негизги максаты - ЕАЭБде интеграциялык процесстерди кеңейтүү, экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча бирдей позицияны иштеп чыгуу.