Sign In
ЕЭК ЕАЭБ өнөр жайынын инновациялык багыттарын өнүктүрүүнү демилгелейт

ЕЭК ЕАЭБ өнөр жайынын инновациялык багыттарын өнүктүрүүнү демилгелейт

02.03.17

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы (ЕЭК) мүчө мамлекеттердин уюмдарынын технологиялык модернизациясын тездетүү жана инновациялык активдүүлүгүн жогорулатуу максатында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын тизмесин жактырды.

ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаменти тарабынан даярдалган документ илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөлөрдөгү 19 багыт боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.7Y Алардын катарында биотехнология, рак ооруларын дарылоо боюнча жаңы препараттарды жана ыкмаларды иштеп чыгуу, анын ичинде сөңгөк клеткаларын пайдалануу менен, электротранспортту өнүктүрүү, жогорку класстагы көп контурдуу рычаг механизмдеринин негизинде принципиалдуу жаңы түзмөктөрдү иштеп чыгуу сыяктуу артыкчылыктуу багыттар бар. Комиссия ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрү микроэлектроникадан наноэлектроникага жана оптоэлектроникага, квант компьютерлерине өтүүнү, наноэлектроника, наносистемалык жана микросистемалык техника, катуу тулкулуу электроника үчүн буюмдарды өндүрүү үчүн материалдарды, технологияларды жана атайын технологиялык жабдууларды иштеп чыгууну сунуштайт.

Бул демилгени жүзөгө ашыруунун алкагында ЕЭК Биримдиктин башка мамлекеттеринин өнөктөш-уюмдарынын инвестициялык, техникалык, консультативдик жана колдоонун дагы башка түрлөрүн тартуу үчүн өз ара иштетүүнүн жаңы формаларын түзүүнү сунуштайт.

Буга чейин ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаменти Биримдик мамлекеттеринин илимий-техникалык жана инновациялык инфраструктуралык объектилеринин иштерин талдаган. Изилдөөнүн дайындары, ошондой эле заманбап тенденцияларды, илимий-техникалык өнүктүрүүнүн тренддерин, илимий изилдөөлөрдү, актуалдуу инновациялык долбоорлорду, анын ичинде, азыркы учурда ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан стартаптарды изилдөө жана алардын тажрыйбалары документтин негизин түздү.6