Sign In
ЕАЭБде асыл тукум жаныбарлардын породалары бирдиктүү эрежелер боюнча аныкталмакчы

ЕАЭБде асыл тукум жаныбарлардын породалары бирдиктүү эрежелер боюнча аныкталмакчы

09.09.20

 

Документ күчүнө киргенден кийин айыл чарба жаныбарларынын породасы жана асыл тукумдуулугу Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин асыл тукум жаныбардарды эсепке алуу реестрлеринде, асыл тукумдук күбөлүктөрдө (паспорттордо, сертификаттарда) бир түргө келтирилген түшүнүктөрдү жана эсептөөлөрдү эске алуу менен көрсөтүлмөкчү.

 

"Тартипти кабыл алуу түрдүүчө окуулардын жокко чыгарылышын жана асыл тукум жаныбарларды эсепке алуу реестрлеринде жана мүчө мамлекеттердин селекциялык процесстерди башкаруу автоматташтырылган тутумдарында айыл чарба жаныбарларынын породасын жана асыл тукумдуулугун аныктоонун бирдиктүү тартибинин белгиленишин камсыз кылат", – деди Комиссиянын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян.

 

Алардын негизинде айыл чарба жаныбарларынын породасы (асыл тукумдуулугу) аныкталган маалымат булактары, асыл тукум жаныбарлар таза породалуу жана аргын деп таанылган учурлар, породаны аныктоо алгоритми, ошондой эле өндүрүмдүүлүктүн сүт жана эт багытындагы ири мүйүздүү малдын, чочколордун, жылкылардын, койлордун, аарылардын жана балыктардын тектеш (генотиби боюнча жакын) породаларынын тизмеги.

 

Ченемдик укуктук акт ЕАЭБ жөнүндө келишимге жана 2019-жылдын октябрь айында өкмөт башчылары тарабынан кол коюлган ЕАЭБдин алкагында айыл чарба жаныбарлары менен селекциялык-асыл тукумдук иштерди жүргүзүүнү бир түргө келтирүүгө багытталган чаралар жөнүндө макулдашууга ылайык иштелип чыкты.

 

Ошентип, эксперттердин пикири боюнча, Коллегиянын Чечими Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө асыл тукум мал чарбачылыгынын негизги маселелери боюнча мамилелерди жакындатууга жана ЕАЭБде асыл тукум продукцияны жүгүртүү жол-жобосун жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.​