Sign In
ЕЭК министри Серик Жумангарин ЭКӨУнун атаандаштык боюнча глобалдык форумунун отурумунда катышты

ЕЭК министри Серик Жумангарин ЭКӨУнун атаандаштык боюнча глобалдык форумунун отурумунда катышты

WhatsApp Image 2019-12-09 at 14.51.56.jpeg
09.12.19

Соода макулдашууларындагы атаандаштык жөнүндө жоболор, санариптик экономика өнүгүп жаткан доордо атаандаштык маселелери, ошондой эле атаандаштык ведомстволорунун ишмердигинин натыйжалуулугунун көйгөйлөрү 5-6-декабрда Парижде (Франция) өткөрүлгөн Атаандаштык боюнча глобалдык форумдун 18-отурумунун негизги темалары болду. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин форумда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) соода макулдашууларындагы атаандаштык жөнүндө жоболорго сереби менен чыгып сүйлөдү.

ЕЭК министри мындай деди: "Евразия экономикалык бирлигинин соода макулдашууларында атаандаштык жөнүндө жоболордун "базалык топтому" бар, ага кеминде төрт негизги маселе кирет. Бул атаандаштыкка каршы иш-тажрыйбалардын тизмеги жана ага каршы күрөшүү чаралары, атаандаштык укугунун катышуучулар тарабынан айкын жана басмырлоосуз колдонулушу, атаандаштык мыйзамдары жаатындагы маалыматтардын жана ыйгарым укуктуу органдардын чечимдеринин айкындыгы, катышуучу өлкөлөрдүн атаандаш ведомстволорунун ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү".

Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин Вьетнам, Кытай, Иран, Сербия жана Сингапур менен соода макулдашуулары бар. Серик Жумангариндин айтуусу боюнча, "бул жыл – Вьетнам менен ЭСА иштеп жаткан үчүнчү жыл. Макулдашууга кол коюлгандан тарта ЕАЭБ мамлекеттеринин Вьетнамга экспорттук жеткирүүлөрүнүн олуттуу өсүшү байкалууда: 2018-жылы экспорт 2016-жылга салыштырмалуу 60%га – 2,6 млрд долларга чейин өскөн. Вьетнамдан импорттун көлөмү 46%га – 3,9 млрд долларга чейин өстү".

Ошондой эле, ЕЭК министри учурдагы макулдашууларда атаандаштык жөнүндө өзүнчө глава бар экендигин баса белгиледи. Учурда алар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан, Египет, Израиль жана Индия менен соода макулдашууларынын тексттеринин долбоорлорунда да тийиштүү главалар бар.

Маалымат

Атаандаштык боюнча глобалдык форум – Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Атаандаштык боюнча комитети тарабынан жыл сайын уюштурулуучу иш-чара – маселелердин кеңири спектрин талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат. Анын форматы иш-чарада бүткүл дүйнөдөгү атаандаштык ведомстволордун жогорку кызмат адамдарынын катышуусун караштырат.​