Sign In
Бирликтин фармацевтика тармагы туруктуу өнүгүүдө

Бирликтин фармацевтика тармагы туруктуу өнүгүүдө

09.09.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаменти фармацевтика тармагынын дүйнөлүк өнүгүү тренддерине, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринде фармацевтикалык продукциянын акыркы беш жыл ичиндеги өндүрүш көлөмдөрүнө жана ички сооданын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүнүн алкагында Бирликтин өлкөлөрүнүн бул багыттагы экспорттук-импорттук операцияларына талдоо жүргүздү.

Алсак, 2018-жылда дүйнөлүк дары-дармек каражаттар рыногунун көлөмү 1,174 млрд АКШ долл. түздү. ЕАЭБ рыногунун дүйнөлүк рыноктогу үлүшү 2,6% түзөт.

Дүйнөлүк рыноктун 2021-жылга чейинки андан аркы өсүшү жылына чамасында 5% болот деп болжолдонууда. Рыноктогу алдыңкы позицияларды АКШ, Япония, Германия, Швейцария жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөр ээлейт.

2018-жылда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймагында баары болуп 9 243 млн АКШ долларына фармацевтикалык продукция өндүрүлгөн, аталган продукциянын жалпы көлөмүнүн 90,8% Россия Федерациясына туура келет, Беларусь Республикасына – 6,5%, Казакстан Республикасына – 2,4%, Армения Республикасына – 0,2%, Кыргыз Республикасына – 0,04%.

Армениянын фармацевтика тармагы эң активдүү өнүгүүдө. Калган өлкөлөр акыркы үч жыл ичинде өндүрүштүн жай жана туруктуу өсүшүн көрсөтүшүүдө – акча түрүндө орточо алганда жылына 2-4%.

Бирликтин фармацевтика тармагынын туруктуу өнүгүүсүн 2018-жылда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттун көлөмүнүн азайышы, ошондой эле өз ара соодадагы товар жүгүртүүнүн көбөйүшү күбөлөндүрөт.

Бирликтин тышкы соодадагы негизги өнөктөштөрү АКШ, Германия, Швейцария, Франция, Индия, Италия, ошондой эле Грузия, Тажикстан жана Өзбекстан болду.
 
Комиссиянын Өнөр жай саясаты департаменти, өнөр жай кызматташтыгы үчүн приоритеттүү сектор катары, фармацевтикалык продукцияны өндүрүү рыногунун абалына үзгүлтүксүз негизде мониторинг жүргүзөт.

Толугураак маалыматты экспресс-талдоодон окуңуздар.