Sign In
Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясы, соода кызматташтыгы маселелери боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү чөйрөлөрүндө чечимдерди кабыл алды

Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясы, соода кызматташтыгы маселелери боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү чөйрөлөрүндө чечимдерди кабыл алды

09.08.19

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) 9-августта Чолпон-Атада (Кыргыз Республикасы) болуп өткөн отурумунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) күн тартибин ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясы, соода кызматташтыгы жана бир катар башка маселелер боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү чөйрөлөрүндө маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Өкмөттөр аралык кеңеш
Бирликтин өлкөлөрүнүн юридикалык жактарынын (чарба жүргүзүүчү субъектилеринин) бири-бири менен жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн Чек ара аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү концепциясын жактырды. Концепциянын ишке ашырылышы бизнестин жана мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук санариптик колтамганы колдонуу менен өз ара аракеттенүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп болжолдонууда. Инфраструктура субъектилерине, мындай кызматтарды камсыз кылган операторлорго талаптар жана башка эрежелер ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан 2020-жылдын май айына чейин иштелип чыгышы жана бекитилиши күтүлүүдө.

ЕӨАК мүчөлөрү АӨКтү өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдоолорун, айыл чарба продукциясы, азык-түлүктөр, зыгыр буласы, булгаары чийки заты, пахта буласы жана жүн боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн 2019–2020-жылдарга карата суроо-талап жана сунуш баланстарын бекитишти
.

Болжолдоого ылайык, 2020-жылда 2017-жылга салыштырмалуу жалпысынан Бирлик боюнча айыл чарба продукциясын өндүрүү доллардык эквивалентте 3,7%га өсүп, 118,6 млрд долларды түзөт. Өз ара сооданын өсүшү 24% түзөт – ошентип, өз ара жеткирүүлөрдүн көлөмү 10,4 млрд долларга чейин өсөт. Үчүнчү өлкөлөргө экспорт 19,2%га өсүп, доллардык эквивалентте 4,1 млрд долларды түзөт, ал эми импорт 3,2%га өсөт. 2020-жылда айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктөрдүн үчүнчү өлкөлөрдөн Бирликке экспорту 31,3 млрд долларды түзөт, ал эми Бирликтен үчүнчү өлкөлөргө экспорту 56,7 млрд долларды түзөт
.

Биргелешкен болжолдоолор менен Комиссиянын сайтынан таанышууга болот
.

Өкмөттөр аралык кеңеш «Өнөр жай кооперациясынын, субконтрактациясынын жана технологиялар трансферинин евразиялык тармагы» долбоорунун жаңыланган паспортун бекитти.

Долбоордун максаты – өнөр жай кооперациясы, субконтрактациясы жана технологиялар трансфери максатында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин чарба жүргүзүүчү субъектилеринин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн санариптик экотутумду түзүү, өнөр жай чынжырларын моделдөөнү жана өндүрүштүк кубаттуулуктун оптималдуу жүктөмүн камсыз кылуу, ошондой эле технологиялар трансфери аркылуу инновациялык процесстерге түрткү берүү.

Долбоордун алкагында евразиялык тармактын чарба жүргүзүүчү субъектилеринин реестри 2020-жылдын аягына чейин 50 миң, ал эми 2024-жылга чейин – дээрлик 125 миң чарба жүргүзүүчү субъектини камтышы зарыл.

Ошол эле мезгилде, негизги сценарийге ылайык, евразиялык тармактын алкагында 2020-жылдын аягына чейин жалпы суммасы 9,7 млрд орус рублин түзгөн 350 ашуун контракт, ал эми 2024-жылга чейин – жалпы суммасы 110 млрд рублду түзгөн 3,5 миң контракт түзүлүүгө тийиш.

Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү Кооптуу калдыктарды ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча чек ара аралык өткөрүү жөнүндө келишимге кол коюшту.

Документ мүчө мамлекеттердин жарандарынын өмүрүн жана ден-соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоону, ошондой эле кооптуу калдыктардын чек ара аралык өткөрүлүшүнө жана алардын жок кылынышына контроль жүргүзүү жөнүндө Базель конвенциясы боюнча эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Бирликтин өлкөлөрү тарабынан Комиссия менен биргеликте иштелип чыккан.

Макулдашуу, мисалы, курамына мышьяк, сымап же алардын кошундулары кирген калдыктарды, металлургия өндүрүштөрүнүн жана бериллийди, гальваникалык тунмаларды камтыган айнек өндүрүшүнүн чаңын, хлорорганикалык кычкылдардын өндүрүштүк калдыктарын ж.б. Бирликтин бир өлкөсүнөн экинчи өлкөсүнө ташууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.

Макулдашуунун аракети ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасынын алкагында калдыктарды чек ара аралык ташууну ишке ашырган, жеке ишкер катары катталган юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат. Жеке жактардын калдыктарды жеке пайдалануу үчүн чек ара аралык алып өтүүсүнө тыюу салынат.

Макулдашуунун ишке ашырылышы Бирликте кооптуу калдыктарды чек ара аралык өткөрүүнүн уруксат берүүчү тартибин, мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын берилген корутундулар (уруксат берүүчү документтер) жана мындай ташууларды ишке ашырууда айгинеленген мыйзам бузуулар тууралуу маалымдоону караштырган өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

ЕӨАК Комиссияга Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте «евразиялык компания» уюштуруу-укуктук формасын киргизүү үчүн корпоративдик укук ченемдерин шайкеш келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыгууга тапшырма берди.

ЕЭК К
оллегиясы Европа бирлигинин жана европалык компаниялардын тажрыйбасын изилдеп чыкты. Талдоонун жыйынтыктары Бирликтин алкагында ЕБнын корпоративдик укуктун улуттуктан жогорку тутумун түзүү боюнча тажрыйбасын колдонуу евразиялык экономикалык интеграциянын логикалуу уландысы болуп каларын көрсөттү.

Мындай форма эл аралык кооперациялык чынжырларга өндүрүүчүлөрдү тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, тышкы рынокторго жетүүнү жеңилдетет жана Бирликтин компаниясынын дүйнөлүк рыноктордо өз ордун ээлешине өбөлгө түзөт. Мындан сырткары, экономиканын айрым секторлору үчүн бул интеграцияны олуттуу түрдө тереңдетүүгө жана Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюуга түрткү бериши мүмкүн.

Өкмөттөр аралык кеңешке алып келүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүү жана мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө отчёт көрсөтүлдү.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2020-жылдын 1-январына чейин алып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн төмөнкү ченемдери орнотулган: Армения Республикасы – 1,220%, Беларусь Республикасы – 4,560%, Казакстан Республикасы – 7,055%, Кыргыз Республикасы – 1,900%, Россия Федерациясы – 85,265%.

Отчётто белгиленгендей, 2018-жылда өндүрүп алынган жана өлкөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлгөн алып келүү бажы алымдарынын жалпы көлөмү 6%га өскөн – 11,6 млрд АКШ долларынан 12,3 млрд АКШ долларына чейин.

Республикалык (федералдык) бюджеттердин кирешелер түзүмүндө алып келүү бажы алымдарынан кирешелер төмөнкүнү түздү: Армения Республикасында – 5,4%, Беларусь Республикасында – 4,5%, Казакстан Республикасында – 3,4%, Кыргыз Республикасында – 11,8%, Россия Федерациясында – 3,4%.

Ошондой эле, отчётто ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджеттерине келип түшүүлөргө таасир эткен факторлор, мүчө мамлекеттердин ортосундагы алып келүү бажы алымдарынын суммаларынын тосмо агымдары, алыскы чет өлкөлөрдөн келип чыккан товарлардын экспорту жана импорту тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн.

Өкмөттөр аралык кеңеш ЕЭК Коллегиясына Алып келүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндө протоколдун ишке ашырылышын мониторингдөө боюнча ишти улантууга тапшырма берди.