Sign In
ЕАЭБ жана Кытай Биргелешкен комиссиянын алгачкы отурумун ушул жылдын аягына чейин өткөрүшмөкчү

ЕАЭБ жана Кытай Биргелешкен комиссиянын алгачкы отурумун ушул жылдын аягына чейин өткөрүшмөкчү

09.07.20

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёвдун Кытай Эл Республикасынын (КЭР) коммерция министри Чжун Шань менен телефондук сүйлөшүүсү болуп өттү. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана КЭРдин ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комиссиянын алгачкы отурумун ушул жылдын аягына чейин өткөрүү жөнүндө келишкендикке жетишилди.

 

"Ушул отурумдун алкагында евразиялык интеграцияны жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин иш жүзүндө байланыштыруунун негизги багыттарын карап чыгууну сунуш кылабыз", – деп билдирди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв. – Бул бажы, транзит, сооданы санариптештирүү, азык-түлүк жана ишканалардын кооперациясына көмөк көрсөтүү маселелерине тиешелүү".

 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер ЕАЭБдин жана КЭРдин бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык ташуучу транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар менен алмашуу, ЕАЭБ – Кытай деңгээлиндеги кызматташтыктын форматтарын тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты. Ошондой эле, алар глобалдык соода күн тартибинин жана БСУнун аянтчасында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө пикир алмашышты. 

 

"Биздин кызматташтыкты күчөтүү боюнча кийинки кадамдарды сунуш кылгым келет. Биринчиден, товар жүгүртүүнү көбөйтүү. Кытайдын рыногу абдан чоң, ал эми ЕАЭБ мамлекеттери сапаттуу продукцияны өндүрүшөт. Биз Бирликтин өлкөлөрү үчүн ачык экендигибизди жана керектүү көмөк көрсөтө алышыбызды баса белгилей кетким келет, – деди КЭРдин коммерция министри Чжун Шань. – Экинчинден, бул инвестициялар. Кытай тарап өзүнүн компанияларынын ЕАЭБдин өндүрүш, инфраструктура, айыл чарба, кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүү сыяктуу тармактарына инвестицияларын колдойт.

 

Министрлер өз ара соода байланыштарын колдоо жана мамлекеттердин экономикалары үчүн коронавирустук инфекциянын кесепеттерин минималдаштыруу максатында чараларды кабыл алуу зарылчылыгына басым жасашты. 

 

Маалымат

2015-жылда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жана КЭРдин башчылары тарабынан ЕАЭБди жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин байланыштырууга алгачкы кадам катары Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну түзүү аныкталган. 2019-жылдын 25-октябрында аталган документ күчүнө кирген. Макулдашуу менен айрым өз ара аракеттенүү институттары, анын ичинде Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комиссия түзүлгөн.