Sign In
ЕАЭБде Бирдиктүү ветеринардык талаптар эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилет

ЕАЭБде Бирдиктүү ветеринардык талаптар эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилет

09.07.19
9-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы бажылык жана техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар, соода, макроэкономика, санариптештирүү, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рынокторунун иштеши чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

ЕЭК Коллегиясы Ветеринардык контролго (көзөмөлгө) жаткан товарларга коюлуучу бирдиктүү ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди. Бардык өзгөртүүлөр Бирдиктүү ветеринардык талаптарды эл аралык стандарттарга, сунуштамаларга жана нускамаларга шайкеш келтирүүгө, ошондой эле ветеринардык контролго (көзөмөлгө) жаткан товарлар менен соода жүргүзүүнү жеңилдетүүгө багытталган.

Өзгөртүүлөр териси баалуу жаныбарларды, бакма коёндорду, иттерди жана мышыктарды Бирликтин аймагына алып келүүдө же мүчө мамлекеттердин ортосунда өткөрүүдө ветеринардык талаптардын тизмегин кыскартууну караштырат. Ошондой эле, алар жаныбарларды клиникалык кароо жөнүндө белгинин жарактуулук мөөнөтүн 14 күнгө чейин көбөйтүүнү караштырат. Бул ит жана мышык ээлерине аларды болуу өлкөсүндө кошумча ветеринардык кароодон өткөрүүсүз Бирликтин аймагынан чыгып келүүгө мүмкүндүк берет. Аймактардын куш гриппи боюнча саламаттыгын тастыктоо жөнүндө ченемге түзөтүүлөр киргизилет, бул жапайы фаунанын өкүлдөрүндө аталган оору пайда болгон учурда, канаттуулар чарбачылыгынын товарлары менен соода жүргүзүүгө чектөөлөрдүн киргизилишинин алдын алат.
 
Норкаларды псевдомонозго каршы милдеттүү вакцинациялоо жөнүндө ченемдин киргизилиши ветеринардык коопсуздуктун тийиштүү деңгээлин орнотууга мүмкүндүк берет. Норкалардын псевдомонозу жаныбарлардын инфекциялуу ооруларына кирет, алар боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө пландуу алдын алуу иш чаралары өткөрүлөт. Аталган ченем мүчө мамлекеттердин ветеринардык эрежелерин бир түргө келтирет.

Бирдиктүү ветеринардык чараларга өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышына байланыштуу Бирликке үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинүүчү контроль алдындагы товарларга карата Бирдиктүү ветеринардык сертификаттардын формаларына өзгөртүүлөр киргизилет.

ЕЭК Коллегиясы Бирликтин «Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү күчүнө киргизүүнүн тартибин белгиледи. Атап айтканда, өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин берилген же кабыл алынган, мындай продукциянын техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө документтердин аракеттенүү мөөнөттөрү аныкталды. Аталган документтердин аракеттенүү мезгилинин ичинде даярдалган парфюмерияны жана косметиканы өндүрүү жана аларды алардын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү караштырылган. Мындан сырткары, документтердин аракеттенүү мөөнөтүнүн аягына чейин ишкерлер мындай товарларды ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда алардын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде сата алышат.

Эскерте кетсек, Бирликтин «Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөр 2020-жылдын 6-майында күчүнө кирет. Алар парфюмердик-косметикалык продукциянын ингредиенттик курамына талаптарды актуалдаштырууга токтолуп өтөт, суутек көрсөткүчүнүн (pH) маанисине талаптарды, микробиологиялык тобокелдиги төмөн болгон парфюмердик-косметикалык продукция үчүн микробиологиялык көрсөткүч боюнча талаптарды, маркалоого талаптарды тактайт, парфюмердик-косметикалык продукциянын керектөөчүлүк касиеттерине карата айтуулардын негиздүүлүгүнүн жалпы критерийлерин аныктайт.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасына жана ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ванадий-алюминий лигатурасына карата өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин, кошо алганда, ага карата бажы алымын нөлгө түшүрүүнү чечти. Учурда бул алым 10% түзөт. Аталган чечим Казакстан Республикасынын демилгесин кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынды жана ЕАЭБде титан продукциясынын өндүрүүчүлөрүн колдоого багытталган. Ванадий-алюминий лигатурасы ар кандай өнөр жай тармактары үчүн титан кошундуларын өндүрүүдө жана медициналык буюмдарды жасоо үчүн колдонулат.

Комиссиянын Коллегиясы аба жана суу кемелеринин борттук жабдууларына кошо орнотулган же алардын курамына кирген жарандык арналыштагы радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктуу түзмөктөрдү ЕАЭБдин бажы аймагына алып келүүнү жеңилдетүү чечимин кабыл алды. Эми мындай товарларды алып келүү үчүн өзүнчө корутунду же уруксат берүүчү документ талап кылынбайт. Мындай сунуш менен Россия Федерациясы кайрылды, анткени атайын уруксат берүүчү документтерди алуу ашыкчалык кылат. Бул Бирликтин аймагына алып келиниши бажы органдарына уруксат берүүчү документтерди көрсөтүүсүз ишке ашырылган радиоэлектрондук каражаттардын номенклатурасын кеңейтүүгө, жана радиоэлектрондук каражаттардын айрым категорияларына карата лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча административдик жол-жобону жоюуга мүмкүндүк берет, ошондой эл аталган товарларды бажылык декларациялоонун мөөнөтүн кыскартат.

Казакстан Республикасы дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууга мамлекеттик буюртманы жайгаштырууда Бирликтин мүчө мамлекеттеринин жеткирүүчүлөрүнө улуттук режимди камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алды. Буга чейин, аталган товардык позициялар боюнча мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда Казакстан Республикаларынын өндүрүүчүлөрү үчүн гана преференциялар орнотулган эле. Тооруктарда казакстандык өндүрүүчүлөр катышкан учурда, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жеткирүүчүлөр жеңүүчү боло алышчу эмес.
Ушул жылдын апрель айында Комиссиянын Коллегиясы бул маселени карап чыккан жана Казакстан Республикасына бул тоскоолдукту жоюуну сунуш кылган. 2019-жылдын 30-майында казакстандык тарап мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизип, мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнө окшош укуктарды берген.
Комиссиянын Коллегиясы бул чечимди мамлекеттик сатып алууларда атаандаштыктын бирдей шарттары менен ЕАЭБдин жалпы рыногун түзүү жолундагы илгери адымдаган аракет катары карайт.

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын 8716 31 000 0 субпозициясында жаныбарлар үчүн жемдерди жана таңгаксыз айыл чарба жүктөрүн автопоезддин курамында ташуу үчүн арналган жем ташыгыч жарым чиркегичти классификациялады.