Sign In
"Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин стандарттарынын тизмектери жаңыртылды

"Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин стандарттарынын тизмектери жаңыртылды

09.03.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 9-мартта "Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмектерин жаңылады.

Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында техрегламенттин талаптарын аткаруу камсыздалган стандарттардын тизмесине 1 300 стандарт кирет, анын ичинен - ​​1128 мамлекеттер аралык стандарттар, Беларусь Республикасынын 34 мамлекеттик стандарттары, Казакстан Республикасынын 5 улуттук стандарттары жана Россия Федерациясынын 133 улуттук стандарттары.

Ыкмаларга карата стандарттардын тизмесине дээрлик 1150 стандарт кирет, анын ичинен 957 мамлекеттер аралык стандарттар, Беларусь Республикасынын 36 мамлекеттик стандарттары жана Россия Федерациясынын 156 улуттук стандарттары.

Жаңыланган стандарттардын тизмелерин колдонууга, ошондой эле шайкештикти баалоо органдарынын аккредитациясына көнүү үчүн, чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 180 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.

Стандарттардын тизмектери эксперттердин жана бизнестин өкүлдөрүнүн катышуусунда Бирликтин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте ЕЭК тарабынан иштелип чыгарылды. Алар ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштелип чыккан жана аракетке киргизилген мамлекеттер аралык стандарттардын жаңы версияларын эске алат.

Киргизилген стандарттардын көпчүлүгү эл аралык (ISO жана IEC) жана аймактык (EN) стандарттарга негизделген. Бул эл аралык ченемдер менен айкалыштырууну жана машиналардын жана жабдуулардын шайкештигин баалоого карата бирдиктүү принциптерди белгилөөнү камсыз кылат.​