Sign In
Жогорку деңгээлдеги жумушчу топ ЕАЭБдеги маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу механизмдерин аныктайт

Жогорку деңгээлдеги жумушчу топ ЕАЭБдеги маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу механизмдерин аныктайт

maxresdefault.jpg
09.02.21

Евразия экономикалык бирлигинде профилдик ведомстволордун башчыларынын деңгээлинде санариптик трансформация маселелери боюнча жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн. Биринчи кезекте жумушчу топ маалыматтарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү жөнгө салуу менен алектенет. Бул демилгени Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Гегам Варданян "Digital Almaty 2021" санарип форумунун алкагында өткөрүлгөн "ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки Стратегиясындагы санариптик күн тартиби" панелдик сессиясынын жүрүшүндө көтөрдү.


"Евразия экономикалык бирлигинде 2025-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясын бекитилди, анда Бирликтин максаттарына жана милдеттерине жетишүү үчүн зарыл болгон негизги чаралар жана механизмдер чагылдырылган. 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири болуп - Бирликтин санарип мейкиндигин, санарип инфраструктураларын жана экосистемаларын түзүү саналат. Бирликте маалыматтардын жүгүртүлүшү жөнүндө Эл аралык келишимди иштеп чыгуу маселеси санариптик күн тартибинде маанилүү орунду ээлейт,
- деди Гегам Варданян. -  Бүгүнкү күндө технологиялар тез жайылтылып, ал эми жөнгө салуу жагы солгундап жатат. ЕАЭБде ири долбоорлорду иштеп чыгуудагы эң маанилүү тоскоолдуктардын бири - бул маалымат жүгүртүү маселеси".

ЕЭК министринин пикири боюнча, маалыматтарды бөлүштүрүү боюнча так ыкмаларды аныктоо керек, тактап айтканда: интеграциялык процесстердин алкагында кайсы маалыматтар менен алмашуу максатка ылайыктуу, ал эми кайсы маалыматтар мүчө мамлекеттин тарабында гана сакталышы абзел. Ошондой эле, маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуучу механизмдерди иштеп чыгуу керек (мисалы, жаксыздандыруу), бул алмашуу үчүн маалыматтардын түрлөрүнүн тизмегин кеңейтүүгө жардам берет, деп эсептейт Гегам Варданян.

Тегерек столдун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында маалымат алмашуу жаатында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирип, демилгени колдошту.

Армения Республикасынын жогорку технологиялык өнөр жай министри Акоп Аршакян Арменияда бул багытта бир топ иштер жасалып жаткандыгын айтты. "Алсак, Армения Республикасында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзам иштеп жатат, ошондой эле АР Юстиция министрлигинин Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиги түзүлгөн, - деди министр. - Биз үчүн ЕАЭБдин алкагында маалымат алмашууну уюштуруу маселеси актуалдуу маселе болуп саналат жана биз аларды чечүү жолдорун жумушчу деңгээлде талкуулоого даярбыз".

Беларусь Республикасынын байланыш жана маалыматташтыруу министри Константин Шульган маалымат алмашуунун ролу өсүп жаткандыгын жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө дискуссиялык жана көйгөйлүү маселелер боюнча мамилелердин окшоштугун белгиледи. "Бирликтин алкагында биз маалымат алмашуу боюнча кандайдыр бир жалпы мыйзам актыларын талкууласак болот", - деп билдирди Шульган. Анын пикиринде, ЕАЭБдин алкагында өз ара аракеттенүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Анын ичинде жаксыздандырылган маалыматтарды аларды коргоонун жолдорунун бири катары колдонуу аркылуу.

"Жумушчу топту түзүү боюнча айтсак, ал тез арада кароону талап кылган маселелерди натыйжалуу чечүүчү курал болуп калышы мүмкүн", - деп белгиледи Шульган.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Азамат Буржуев баса белгилегендей, тездетилген санариптештирүү шартында жеке маалыматтар коммерциялык мааниге ээ. Бирок жөнгө салына элек маселелер бар. Ошол эле учурда, трансчек ара компаниялары ири маалымат топтомун топтошот. “Биз өз жарандарыбызды кантип коргоп жана санариптик көзкарандылыкты кантип камсыздоо керектиги жөнүндө ойлонушубуз керек. Бир гана Кыргызстандын масштабында муну чечүү кыйын. Ал эми ЕАЭБдин масштабында ири корпорациялар менен сүйлөшүү оңой болмок”, - деп билдирди Азамат Буржуев.

Ошондой эле, анын айтымында, маалыматтардын өзүн же байланыш каналдарын коргоо парадигмасын аныктоо принципиалдуу мааниге ээ, бул сөзсүз түрдө технологиялык чыгымдарды талап кылат. "Пандемия маалымат алмашуу канчалык маанилүү экендигин көрсөттү. ЕЭКтин жардамы менен биз экономикалык процесстерди оптималдаштырып, натыйжалуу маалымат алмашууну уюштура алмакпыз", - деп эсептейт Буржуев.

Сессиянын катышуучулары жеке маалыматтар жаатындагы милдеттенмелер боюнча эл аралык провайдерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн альянс түзүү мүмкүнчүлүгүнө токтолушту.

ЕАЭБдин ичиндеги жеке маалыматтардын жүгүртүлүшү ири жаңы рынокту түзүшү мүмкүн. Биринчи кезекте, бул жаксыздандырылган маалыматтар жана алардын негизинде жасалган кандайдыр бир аналитика, дейт Казакстан Республикасынын санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай боюнча вице-министри Асхат Оразбек. «Биз жаксыздандырылган маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташууга даярбыз. Ал эми жеке маалыматтар жөнүндө айта турган болсок, аны Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жарандардын өздөрүнүн уруксаты менен гана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү мүмкүн. Бизде жетишерлик так ыкма бар - жеке маалыматтар Казакстандын аймагында сакталышы керек. Биз ЕАЭБдин жалпы процесстеринин алкагында мамлекеттер аралык маалымат алмашууга даярбыз, бул учурдагы реалдуулук", - деди Асхат Оразбек.

Анын пикири боюнча, ЕАЭБде жалпысынан мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана жеке маалыматтар боюнча өзүнчө иштерди жүргүзүү маанилүү. «Биз рыноктун кайсыл бир бөлүгүнө тийбешибиз керек. Анткен менен ири интернет-провайдерлер боюнча маселе бар. Мен Евразия экономикалык бирлигинин алкагында альянс түзүүнү, аларды ЕАЭБдин аймагында биздин жарандардын жеке маалыматтарын жайгаштырууда кызматташууга чакырууга мүмкүндүк берген кандайдыр бир келишимге келүүнү сунуштайм. Бул маселени Казакстан дагы, Кыргызстан дагы, Армения дагы, Беларусь дагы өзүнчө чече албайт. Бирок чогуу болсок, биз бул ишти аткара алабыз", - деп жыйынтыктады Асхат Оразбек.

Гегам Варданяндын пикиринде, маалыматтарды жүгүртүү жөнүндө макулдашуу, ошондой эле жөнгө салуучу "кумдуктарды" пайдалануу интеграциялык бирикме үчүн өбөлгөлөрдүн бири болушу мүмкүн. 

"ЕАЭБде трансчек аралык маалыматтардын жүгүртүмүн жөнгө салуу жөнүндө Макулдашуунун кабыл алынышы кызматташтыктын бардык тармактарында өнүгүүнүн, "маалыматтар экономикасын" өнүктүрүүнүн жана санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду жүзөгө ашыруунун негизи катары маалыматтар жүгүртүмүнүн жалпы рыногун түзүүгө мүмкүндүк берет. Макулдашуу маалымат жүгүртүүгө катышуучулардын укуктарын коргоонун жалпы механизмдерин калыптандырууга шарт түзөт. Биз макулдашылган талаптарды иштеп чыгууну сунуштайбыз", - деп жыйынтыктады ЕЭК министри.

Маалымат

"Digital Almaty" - бул бүткүл дүйнө жүзү боюнча санариптештирүү жаатындагы глобалдык жана аймактык санарип күн тартибин, чакырыктарын, чечимдерин жана саясатын калыптандыруу жана талкуулоо үчүн негизги аянтчалардын бири болуп саналат. Форумдун максаты - COVID-19 пандемиясынын шарттарында санариптик күн тартибин, санариптик трансформациянын жаңы стратегияларын жана пандемия учурунда жаңы технологиялар чөйрөсүндөгү тенденцияларды талкуулоо үчүн аймактык жана глобалдык деңгээлдеги диалог үчүн аянтча камсыздоо.​