Sign In
ЕЭК вебинарынын катышуучулары ЕАЭБ мейкиндигинде электрондук сооданы андан ары өнүктүрүү боюнча кадамдарды белгилешти

ЕЭК вебинарынын катышуучулары ЕАЭБ мейкиндигинде электрондук сооданы андан ары өнүктүрүү боюнча кадамдарды белгилешти

09.02.21


Евразия экономикалык комиссиясы Россиянын Өнөр жайчылар жана Ишкерлер Союзу (РСПП), Россиянын экспорт борбору ("РЭЦ" АК) жана Евразия экономикалык бирлигинин Ишкер кеңеши менен биргеликте “Электрондук соода аянтчалары. Жеткирүүлөрдү онлайн режимине которуу” вебинарын өткөрүштү.


"Быйылкы жылдагы биринчи вебинарды өткөрүү үчүн электрондук сооданы өнүктүрүү жана маркетплейстерди пайдалануу темасын биз атайын тандап алдык, -
деди ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Игорь Назарук иш-чараны ачып жатып. - ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепневдин төрагалыгы астында өткөн Бизнес-диалогунун акыркы отурумдарында бизнес коомчулугунун өкүлдөрү мындай талкууну өткөрүү өтүнүчтөрүн бир нече жолу билдиришкен. Азыр тапта пандемияга байланыштуу түзүлгөн кырдаал бизди бул багытта жигердүү болууга түрттү".

Спикерлер катары вебинарда AliExpress Россия, Deal.by, «Вайлдберриз» ЖЧК маркетплейстеринин, «Ozon» компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле "Санарип Кыргызстан" ассоциациясынын, Кыргыз Республикасынын Электрондук соода ассоциациясынын, «РТС-тендер» ЖЧК, «СЕЛДОН ПРО» ЖЧК, «B2B-Center» ЭСА өкүлдөрү жана башкалар болушту. Онлайн режиминдеги трансляцияга бир нече жүз угармандар кошулушту.

Баяндамачылардын айтымында, алдын-ала эсептөөлөр боюнча, ЕАЭБде интернет-сооданын өсүшү өткөн жылдын аягында 20-30%ды түзгөн. Ошол эле учурда, күтүүлөргө ылайык, дүйнөдөгү жалпы электрондук соода рыногу 2020-жылы 4 триллион доллардан ашып, 2021-жылы 5 триллион долларга жакындашат.

Ошол эле учурда, ЕЭКтин Бажы тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин электрондук коммерцияны жөнгө салуу жана маркировкалоо бөлүмүнүн башчысы Илья Кабанов белгилеп өткөндөй, мүчө мамлекеттердин ар биринде электрондук сооданын жогорку өсүш арымы болгону менен, өлкөлөр ортосундагы өз ара соода мындай көрсөткүчтөрдү көрсөткөн жок. "Балким, негизги көйгөйлөрдүн бири өндүрүүчүлөр менен сатуучулар бири-биринин аянтчаларына кирүүгө даярдыгы жана аны кантип жасоого болору туурасында маалыматтын жоктугу болуп саналат", - деген пикирин билдирди серепчи.

Иш-чаранын жүрүшүндө башка маселелер да каралып, ошондой эле кызыкдар тараптардын суроолору топтолду. Алардын бардыгы боюнча жакын арада түшүндүрмөлөр берилип, ЕЭК веб-сайтындагы вебинар баракчасында жайгаштырылат: http://eec.eaeunion.org/comission/direction/trade/webinar.php, ошол шилтеме боюнча иш-чаранын видеосун көрүүгө болот.

"Кесиптештер чечимдерин издеш керек болгон бир катар маселелерди ортого салышты: бул валюталарды конвертациялоодогу жоготуулар, транспорттук жана электрондук инфраструктуранын жетишсиз өнүгүшүнөн келип чыккан чыгымдар жана башка көптөгөн нерселер", - деп Игорь Назарук талкууну жыйынтыктап, биргелешкен иштин жемиштүү улануусуна үмүт артарын билдирди.