Sign In
ЕАЭБ КЭРден келген ширетилген түтүктөргө жана профилдерге карата демпингге каршы алымды киргизет

ЕАЭБ КЭРден келген ширетилген түтүктөргө жана профилдерге карата демпингге каршы алымды киргизет

09.02.21

9-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасынан келген дат баспас болоттон жасалган түтүктөрдүн жана профилдердин бир катар түрлөрүнө демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Алым беш жылдык мөөнөткө киргизилип, чендин коюму өндүрүүчүгө жараша 14,62ден 17,28% га чейин болот.

"Бул продукцияны колдонуунун негизги чөйрөлөрү сантехникалык шаймандарды жана жылуулук алмаштыргычтарды өндүрүү, автомобиль өнөр жайы, тамак-аш өнөр жайы, мунай химиясы жана атомдук өнөр жай, эмеректерди өндүрүү жана инфраструктуралык курулуш болуп саналат", - деп белгилешти Комиссиянын соода блогунан.


ЕЭК Коллегиясынын чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.

Маалымат

КЭРден келген ширетилген түтүктөргө жана профилдерге байланыштуу демпингге каршы иликтөө 2019-жылдын 24-декабрында "ТМК-Инокс", "Марчегалия РУ", "Балтинокс" жана "Техно Трейд" компаниялары тарабынан берилген жана "Техно Трейд" ЖЧК колдоо көрсөткөн арызды кароонун жыйынтыгында башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар КЭРден келген товардын демпингдик импортунун бар экендиги жана мүчө мамлекеттердин экономикасына материалдык зыян келтирилгендиги жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүндүк берген. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, ЕЭКтин сайтында 2020-жылдын ноябрь айында Ички рынокту коргоо департаментинин баяндамасы жарыяланган.​